Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Армияда дагы бир жоокер каза болду

0
Армияда дагы бир жоокер каза болду

Айдаркенде кызмат өтөп жүрүп каза болгон жоокер Айжигит Таалайбек уулу 10-ноябрда өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунда жерге берилди. Мамлекеттик чек ара кызматы жоокер ден соолугуна байланыштуу каза болгонун айтса, маркумдун жакындары ага ишенбей турат.

Айжигит мындан бир ай мурда Айдаркен 20-21 аскер бөлүгүндө кызмат өтөй баштаган. Ал жоокер болууну самап, өз ыктыяры менен аскерге кеткен экен. Эми болсо анын кыялы орундалбай, сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында жерге берилди.

Айжигиттин апасы Батма Пусурманкулова уулунун ден соолугунан улам каза болгонуна ишенбей отурган кези.

“Кара-Суудан комиссиядан ден соолугу чың болгону үчүн өтүп, кызматка кетти да. 60 баланын ичинен илбийгендери калып, ушуга окшогон чоң балдар өтүп кетти. Менин баламды ушинтип ур-токмок кылып өлтүрүшүптүр”.

Айжигит Таалайбек уулу 19-сентябрда 18ге чыккан. Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы Айжигит 9-ноябрда оорудан улам каза болгонун билдирди. Расмий маалыматта ал эртең менен саат 5:45те аскер бөлүктүн медициналык бөлүмүнө кайрылып, дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп жатканын айтканы жазылган.

“Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган. Саат 15:00 чамасында А.Т.у. ден соолугу кескин начарлап, анын алдында ооз көңдөйүнөн бир ашказан кан кеткен. Ага дароо тез жардам бригадасы чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан”, -деп айтылат атайын кызматтын түшүндүрмөсүндө.

Бирок маркумдун жакындары анда эч кандай оорусу болбогонун айтып, ал ур-токмоктон каза болгон деп божомолдоп жатышат. Айжигиттин атасы Таалай Карагулов мындай деди:

“Оозу менен мурду кан болуп турган экен. "Мына, жаңы эле кан экен" дедим, колунун үч жеринен кан алып текшеришкен экен. Алар же туура эмес укол берип коюшканбы. Бирок баламдын таза жери көрүнбөйт, карарып кеткен. Башына көбүрөөк тээп койгонбу, эмне менен урганын так билбейбиз, алар да айтпай коюшту”.

Учурда жоокердин өлүмү боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя боюнча иликтөө иштери башталганы кабарланды. Аскер прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин катышуусунда маркумдун сөөгү соттук-медициналык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы Бишкекке кароого жиберилген.

Ошентип быйыл аскерде кызмат өтөп жаткан беш аскер каза болду.

4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да «куралды этиятсыз колдонгон» деген расмий маалымат берилген. Бирок, маркумдун туугандары мындай версияга ишенишпей жатканын айтышкан.

29-июль күнү эртең менен саат 8:30 да Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарып турган жоокер Калыс Абдыкабылов көз жумган. Маркум автоматтан өзүн атып алганы айтылган. Анын туугандары да буга ишенбей, жоокердин өлүмүндө шектүү жагдайлар көп экенин айтып келишет.

17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Алканбек Мавлан уулу көз жумган. Ал басып баратып эле кулап, ошол бойдон турган эмес. Маркум үйдүн жалгыз эркек баласы болгон. Анын атасы баласынын ден соолугу чың болгонун "Азаттыкка" айткан.

18-августта Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда кызмат өтөп жаткан Сыргак Сабырбеков каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер күзөттө турганда өзүнө ок атканын билдирген. Бирок жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Бул окуялардан кийин Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ соңку беш жылдын ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтей турган болгон. Алар аскер бөлүктөрүн кыдырып, жоокерлер жана алардын ата-энелери арасында сурамжылоо жүргүзө турган болгон. Соңунда улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, тажрыйбаны изилдеп чыгып, укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу демилгесин көтөрөрү айтылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Музейный фонд пополнится уникальными находками с Пречистенки





Москва

Travel-эксперт Тариел Гажиенко: какую страну выбрать для семейного отпуска


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Музейный фонд пополнится уникальными находками с Пречистенки



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Deep Purple

Deep Purple представили первую композицию из нового альбома




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Росгвардейцы обеспечили безопасность во время футбольного матча в Москве

Петербургский «Зенит» стал чемпионом Единой лиги ВТБ

Шесть скейт-парков и роллердром работают на площадках «Московских сезонов»


Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

МИД РФ: рецидивы эскалации между Ираном и Израилем возможны



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России