Баткен: жашоочулар курулуштун кечиккенине кабатыр
Баткен районундагы чек ара чырында үйү өрттөлгөн жашоочулар курулуш иштери жай жүрүп жатканын билдирүүдө. 184 үйдүн курулушу жүрүп жаткан Ак-Сай айылынын тургундары курулуш компаниялардын ишине нараазы болуп жатышат. Бул маселе Баткенге иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жолугушууда да көтөрүлдү.