Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

"Азаттык": себепсиз жабылган эсеп, күтүүсүз үзүлгөн эфир

0

"Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөө чечимин "Демирбанк" же ага өтүнүч берген Финансылык чалгын кызматы чечмелеп, түшүндүрмө бере элек. Ал арада Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту.

"Демирбанк" алгач оозеки билдирип, "Азаттык Медиа" бул чечимдин негиздемесин талап кылганда "Террордук ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга каршы туруу жөнүндө" мыйзамга ылайык бөгөттөлгөнүн, бул боюнча Финансылык чалгын кызматынан түшүндүрмө алууну сунуштоо менен чектелди. Ал эми аталган мекеме жооп бере элек. Ошентип, мекеменин банк эсеби мыйзамдын кайсы талаптарына негизделип, "шектүү банктык операциялар" катары бөгөттөлгөнү белгисиз бойдон калууда.

"Демирбанктын" туюк жообу

Мекемени тейлеген "Демирбанк" 2-ноябрда "Азаттык Медианын" эсеби "Террордук ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени адалдоого каршы туруу жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн гана билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуштаган. Бирок "Демирбанк" жооп катында жана кийин телефондон кайрылганда бир нече мыйзам талабын камтыган 14-берененин кайсы бөлүгүнө же бөлүмчөлөрүнө ылайык банк эсеби бөгөттөлгөнүн түшүндүрүп бере алган жок.

14-ноябрда "Азаттык" "Демирбанктын" укуктук маселелер боюнча жетекчилигине кайрылганда, банкка Финансылык чалгын кызматынан "күмөндүү банк операцияларына" байланыштуу кандай документ түшкөнүн түшүндүргөн жок.

Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов белгилегендей, банктын бөгөт койгон чечими мыйзам талаптарына негизделиши керек.

"Маданият жана маалымат министрлигинин сайтты бөгөттөө тууралуу гана чечими бар. Силердин сайт бөгөттөлдү. Бирок калганы боюнча эмнеге чектөө болуп жатат? Анткени маяна деген кызматкерлерге кепилдик шарты менен бериле турган каражат. Күнүмдүк тиричиликке, жашоого акча керек да.  Ага кандайча бөгөт коюлат? Биздин соттук-укуктук тажрыйбада банк эсебин сот гана камоого коёт. Эгерде сиздер кандайдыр бир документтерди берсеңиздер, эмнеге укугу чектелип жатканы боюнча биз тиешелүү тараптарга кат жиберип, түшүндүрмө алат элек. Менин пикиримде, бул үчүн кылмыш иши ачылып, ал каттоого алынып, кылмыштын курамы, аны жасаган субъектилери аныкталышы керек. Ошонун негизинде тергөөчүнүн өтүнүчү жана соттун чечими менен гана банк эсеби бөгөттөлүп же камакка алынат".

Банк эсебин бөгөттөгөн үч талап

"Террордук ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени адалдоого каршы туруу жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесинде банк эсебине кандай шартта бөгөт коюлары даана көрсөтүлгөн. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин түзүү үчүн төмөнкү документтердин бири болушу керек:

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасоого шектелген жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган шектенүү жөнүндө билдирме;

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасагандыгы үчүн шектүүгө, айыпталуучуга же соттолуучуга (улуттук же эл аралык) издөө жарыяланганы жөнүндө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн же соттун чечими;

Жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар төмөнкүлөрдү жасагандыгына негиздүү маалыматтар бар болгондо даярдалган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын, улуттук коопсуздук органынын, прокуратура органынын же финансылык чалгындоо органынын документи.

Банк эсебин бөгөттөө чечимине негиз болгон жогорудагы документтердин бири дагы ушул кезге чейин "Азаттык Медиа" мекемесине бериле элек.

Жообу жок каттар, жар салынбаган негиздеме

"Азаттык Медиа" бир эле учурда Финансылык чалгын кызматына жана УКМКга расмий түрдө кат менен кайрылып, бирок ушул күнгө жооп ала элек.

Банк менен кардарлардын ортосундагы мамилелер банк ишмердиги боюнча мыйзамдардын негизинде жөнгө салынат.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банк кардардын эсебин бөгөттөө чечими эмнеге негизделгени тууралуу толук маалымат бериши керек деген мыйзамдык талапты бышыктады.

"Бүт бардык банктык мыйзамдарда так каралган. Банк эмненин негизинде экенин айтып бериши керек. Анткени жөн эле банк эсебин жаап, тейлебей койгонго мыйзам жол бербейт. Бирок мыйзамда так көрсөтүлгөн нерселер бар. Ошондуктан бул учурда "Демирбанк" так жооп бериши керек. Эмненин негизинде, кайсы мыйзамдын негизинде, эмне үчүн ошол мыйзамдын аталган беренеси колдонулуп жатат? Анткени бул банк менен кардардын ортосундагы келишимдин негизинде банк эсеби ачылат. Силердин банк эсебиңер боюнча кандайдыр бир суммалар өткөн күндө дагы "мындай сумма болгон" дегендей банк так жооп бериши керек. Иши кылып банк силерге толук маалымат бериши керек".

"Террордук ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө" мыйзамы банктык операциялары күмөндүү болушу мүмкүн деген негизде тизмеге киргизилген кайсы бир жеке же юридикалык тараптардын банк эсебин бөгөттөөгө жол берет. Мыйзам 2018-жылы күчүнө кирип, 2020-жылы жайында толукталган.

"Азаттык Медиа" банк эсебинин бөгөттөлүшү негизсиз экенин жана ал мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

Соттошуудан башка арга жокпу? 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул иш укуктук эмес, саясий мүнөздө экенин, ошондуктан сот аркылуу аны чечүү жолу турганын айтты:

"Биз түшүнүп эле турабыз. "Азаттык" террористтик же экстремисттик иш алып барып жаткан жери жок. Ошондуктан бул жерде саясий маселе чыгып жатпайбы. Ошого байланыштуу Финансылык чалгын кызматынын жана банкка каршы сотко арыздануу зарыл. Башка жол жок. Жарандык кодекстин негизинде, мисалы,ошондон кандайдыр бир зыян келтирилип жатса, болочокто ал зыянды өндүрүү боюнча маселени көтөрсө болот".

31-октябрда "Демирбанктын" өкүлдөрү "Азаттык Медианын" банк эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.

"Демирбанк" кийин кагаз жүзүндө толук маалымат сураган "Азаттык Медианын" өтүнүчүнө Финансылык чалгын кызматына кайрылгыла деген кат жиберген.

"Азаттык Медиа" УКМКга жана Чалгын кызматына расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок эки мамлекеттик мекемеден тен жооп келе элек.

"Азаттык Медиа" түшүндүрмө сураган каттарын 2-ноябрда жана ага жооп болбогон соң 11-ноябрда кайра жолдогон. Анда кандай негизде "Азаттык Медиа" террордук ишмердикти жана кылмыштуу кирешени адалдаштырууга шектелген уюмдардын же топтордун тизмесине киргизилиши мүмкүн экени тууралуу түшүндүрмө суралган.

НТС "Азаттыктын" берүүлөрүн токтотту

13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды. Муну мекеменин жетекчилиги оозеки билдирип, анын себептерин түшүндүргөн эмес. 

НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакция менен байланышып, "Азаттык" радиосунун "уктуруу, көрсөтүүлөрүн силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче кое албайт экенбиз" деген маалыматты айтуу менен чектелген.

14-ноябрда НТС телеканалы “Азаттыкка” кат түрүндө түшүндүрмө жиберди.

“Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” радиосунун сайтын бөгөттөгөн чечимине байланыштуу 12-ноябрдан баштап “Санжыра” радиосунан жана НТС телеканалынан берүүлөрдү алып көрсөтүү тараптар маселени жөнгө салганга чейин токтотулганын кабарлайбыз”, - деп айтылат НТСтин түшүндүрмөсүндө.

"Азаттыктын" таңкы жана кечки радио берүүлөрү "Санжыра" радиосунун толкунунда 2018-жылдан тартып обого чыгып, күн сайын эки сааттан уктурулуп келген. Мындан тышкары “Данисте”, “Эже-сиңдилер”, “Азаттык+” жана “Бийлик сырлары” телепрограммалары НТС телеканалынан көрсөтүлчү. НТС телеканалы саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык. 

УТРКнын алдындагы Биринчи радио да 23-октябрдан бери техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн чыгарбай турат. Мекеме муну "спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыкканы” менен түшүндүргөн.

Журналисттердин укугун коргогон “Медиа полиси интитутунун” юристи Алтынай Исаева НТСтин чечимин бийликтин “Азаттыкка” жасап аткан "басымынын бир бөлүгү" деп атады.

"Алгач “Азаттыктын” сайты мыйзамсыз, негизсиз бөгөттөлдү. Соттун чечими жок туруп мекеменин банктык эсеби жабылды. НТС өзүнүн чечимин негиздеп, эмне себептен теле жана радиоберүүлөрдү токтотуп койгонун юридикалык жактан түшүндүрүп бериши керек. Тилекке каршы, азыр “Азаттык” боюнча расмий, мыйзамдарга таянган ишенимдүү жооп жок болуп жатат” - деди адвокат.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

Азыркы тапта “Азаттыктын” сайты бир нече интернет провайдерден ачылбай жатат. Окурмандар "Азаттыктын" сайтын мобилдик тиркеме жана VPN платформасы аркылуу окуп жатат. Андан тышкары макала-жаңылыктар жана видеолор социалдык тармактардагы баракчаларга байма-бай жарыяланып турат.

"Азаттыктын” радио берүүлөрү азыркы тапта “Next FM”, “Артек” жана “Салам” радиолору аркылуу обого чыгууда.

"Азаттык" - терең талдап, так чагылдырат

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков "Азаттык" Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө бараандуу салым кошконун айтып, окуяларды терең талдай алган медиа деген пикири менен бөлүштү.

“Эгемендик алгандан бери “Азаттык” Кыргызстанда адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келет. Анын пайдасын мамлекет көрдү. Биздеги демократиянын өнүгүшүнө “Азаттыктын” кошкон салымы эбегейсиз. Ошол эле бүгүн бийлик башында отурган саясатчылардын саясий деңгээлинин калыптанышына, өсүшүнө “Азаттыктын” жардамы тийген. Анткени убагында аларды бир гана “Азаттык” чагылдырып турган. Кыргызстандагы окуяларды “Азаттыктай” терең талдап, ак чагылдырган медиа жокко эсе. “Азаттыкка” башынан эле бут тосуулар болуп келген. Бирок алардын баары убактылуу гана болгон. Жагымдуу жалганга караганда, ачуу чындык жакшы экенин унутпашыбыз керек”.

2015-жылы да УТРК “Азаттыктын” телеберүүлөрүн көрсөтүү боюнча келишимдерди бир тараптуу токтоткон. Анын ошол учурдагы директору Илим Карыпбеков телеканал прайм-тайм маалында "өз продукцияларын"  көрсөтүү чечимине келгендиги менен түшүндүргөн.

Ал эми 2021-жылы мамлекеттик ЭлТР телеканалы ушундай эле жүйөнү негиз кылып, “Азаттык” менен болгон келишимин үзгөн. Ага чейин эки телеканал “Азаттыктын” иликтөөлөрүн, материалдарын эфирден көрсөтпөй койгон учурлар көп болгон.

2017-жылы ошол учурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Атамбаевдин ар-намысын коргоп "Азаттыкка" каршы эки доо арыз берип, соттон 20 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Ошол учурда да “Азаттыктын” банктагы эсеби жабылган. Кийин Алмазбек Атамбаев доо арызын кайра чакыртып алган.

Ошондой эле "Азаттыктын" эфирин обого чыгарууга тыюу салган учурлар мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин тушунда да болгон.

2005-жылы ошол учурдагы бийликтин кысымы менен Кыргызстандагы радио, телеканалдар “Азаттык” менен иштешүүдөн баш тарткан. Ушундай эле көрүнүш 2009-2010-жылы Бакиевдин убагында кайталанган. Кырдаал өлкөдө саясий бийлик алмашкандан кийин өзгөргөн.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Более 40 театров отреставрировали и отремонтировали в Москве за 10 лет



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт «Стихи войны и мира. Баллада о своих»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА проиграл «Балтике» в гостевом матче 26-го тура РПЛ

"Зенит" потерпел второе поражение подряд в РПЛ

Вокруг парка на электромобиле: что будет доступно напрокат в Москве


WTA

WTA привела подробности о Рыбакиной перед матчем с андердогом



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Мурманской области арестовали журналиста Associated Press за сотрудничество с командой Навального



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России