ЖКнын тармактык комитети Кемпир-Абадга байланыштуу маселени карайт
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 15-ноябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Маселе комитеттин бүгүнкү күн тартибине киргизилгенин комитет төрагасы Улан Примов депутаттарга билдирди.
Депутат Адахан Мадумаров эгер маселени кароо жабык өтсө отурумга катышпай турганын айтып, төрагадан сурады.
"Өзбекстандын парламенти муну ат тезегин кургатпай карап, ратифакиция кылышты. Анткени аларга бул аба менен суудай керек. Кечээ ачык эле карап, эки сааттык жыйыны толугу менен Ютубга коюлду. Бизде дагы жабык өтсүн деген сунуштар түшүп кетчү болсо, анда жыйынга катышып убакытты текке кетирүүнүн кереги жок".
"Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу маселе комитеттин бүгүнкү отурумунун күн тартибинде жоктугун колундагы программага таянып айтты. Төрага чек ара маселеси отурумдун күн тартибине өткөн жума күнү эле киргизилгенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети ишин баштаган учурда Ак үйдүн алдында активисттер Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышты. Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен активист Сапар Аргымбаевди кармап кеткени кабарланды.
14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.
3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.
Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.
Бул комитет 15-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.
Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(ZKo)