Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Өзбек премьери чек ара боюнча макулдашуунун шарттарын айтты

0
Өзбек премьери чек ара боюнча макулдашуунун шарттарын айтты

14-ноябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку жетишилген макулдашуулар тууралуу өзбек парламентинде түшүндүрмө берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Бул күнү Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

Өзбекстандын премьер-министри сөзүнө караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу 35 тилке - жалпы 302 чакырым чек ара боюнча акыркы макулдашуулар жетишилди. Бул эки тараптын 5 жылдан ашуун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты.

"Суу сактагычтын сыйымдуулугу 1 миллиард 576 милион куб метрди, ээлеген жери 4957 гектар жерди түзөт. Биз ушул суу сактагыч ээлеген аянттын ордуна Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районундагы Ошахор тилкесинен 1019 гектар жайытты сунуштап жатабыз. Маалымат үчүн СССРдин маалында 4127 гектар жер тилкеси суу сактагыч үчүн Өзбекстандан компенсация катары берилген. Суу сактагычты тейлөө үчүн Кыргызстандан 19,5 гектар жер өткөрүлүп берилип жатат. Кыргызстан менен кошуналык мамилени сактап калуу үчүн суу сактагычты айрым максатта пайдаланууга уруксат берилет. Кыргызстандын талабы суу сактагычтын чегин 906 метрден 900 метрге чейин түшүрүү болуп жатат. Биз бул маселеде келиштик. Ошондо 1 миллиард 578 миллион куб метр көлөмдөгү суу калат", - деди Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов.

Ал СССР убагында, суу сактагыч курулган кезде Өзбекстан 200 чакырымдык канал куруу милдетин алганын, бирок түрдүү себептерден улам ал аткарылбай калганын айтты:

"Ушундан улам Кыргызстан Бүргөндү массивинде 8000 гектардан 18000 гектарга чейинки жерди өздөштүрө алган эмес. Эгер биз суу сактагычтан Кыргызстандын Баткен облусуна чейин бул каналды куруп берчү болсок, көпкө түшөбүз. Бюджеттен олчойгон каражат кетет, мындан тышкары Анжиян менен Ферганадагы 20дан ашуун айылдын элин көчүрүүгө мажбур болмокпуз. Эң башкысы - биз 2000 гектардан ашуун суулуу жерлерибизден айрылмакпыз. Ошондуктан, биз бул кенемтени толтуруу үчүн Кыргызстанга Наманган облусунун Чуст жана Пап райондорундагы талаштуу Гавасай тилкесинен 12 709 гектар жайыт жерди сунуштадык. Биз алардын өздөштүрүлбөгөн 8 миң гектар жери үчүн 12709 гектар жайыт бергенибиз туура. Учурда чек ара маселелерин чечүүдө 1 гектар суулуу жер үчүн 2,5 эсе көп гектар жайыт берүү тажрыйбасы колдонулуп жүрөт. Биз 19,5 миң гектар жердин ордуна аларга жалпы 13, 79 миң гектар жайыт сунуштадык",-деди Арипов.

Өзбек өкмөт башчысынын сөзүнө караганда, Наманган облусунун Касансай жана Чуст райондорун сугарган Касансай (Орто-Токой) суу сактагычы Кыргызстандын 850 гектар жерин ээлейт. Бирок суу сактагыч толук Өзбекстан үчүн иштейт. Ушундан улам Кыргызстанга кенемте катары Наманган облусунан 477 гектар жер сунушталды. Анын ичинен 105 гектар жер учурда Кыргызстандын жарандары жашап жаткан талаштуу Каракоргон массивинен кетет (сөз Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айылы тууралуу болуп жатат -ред).

Мындан тышкары, 10 тилке боюнча Кыргызстан Өзбекстанга 429 гектар жер берет. Анын ордуна Өзбекстан өрөөндөрүнөн 294 гектар жер бермек болду. Бирок азырынча бул кайсы жерлер экени белгисиз.

14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Бул комитет 15-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карайт деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (ZKo)





Губернаторы России
Москва

Собянин: пейзажи Андрияки отображали красоту России





Москва

Азербайджанский мигрант возмутился из-за того, что в Калининграде суд назначил 4,5 года лишения свободы за убийство в ДТП школьницы. Видео


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: пейзажи Андрияки отображали красоту России



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пианист

Пианист Мацуев: "Спартаку" нужно менять стратегию, чтобы бороться за чемпионство




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Инсайдер Карпов: "Спартак" выкупил Станковича у "Ференцвароша" за €200 тыс

В этот день ровно 30 лет назад будущий президент Российской Федерации был гидом будущего короля Великобритании в экскурсии по Ленинграду

Ярославское шоссе стало лидером сезонного спроса на спортивные площадки в коттеджных комплексах


Стефанос Циципас

«Спартак» подарит Циципасу клубную футболку



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Александр Градский

Суд Москвы принял апелляцию третьей жены Градского по доле в наследстве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России