Саида Мирзиёева президенттик администрациядагы жооптуу кызматка дайындалды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тун кызы Саиданы өзүнүн администрациясынын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Жаңы түзүлгөн бөлүм коомдук пикирди изилдөө жана маалымат саясаты менен алектенет. Саида Мирзиеева социалдык, маданият жана билим берүү тармактарындагы реформалардын жүрүшүн да көзөмөлдөмөкчү.
Мирзиеевдин кызы 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директор орун басары болуп иштеген. Быйыл Улуттук медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинде эмгектенген.
Былтыр ноябрда кошуна өлкө мамлекеттик кызматта чогуу иштөөгө тыюу салынган жакындардын тизмесин кеңейтүү каралган.
Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. Былтыр декабрда тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон үчүнчү кызы Рухшонаны Британиядагы элчи кылып дайындаган. Уулу Рустам өлкөдөгү экинчи чоң кызматты ээлейт.