Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Чек ара: ЖКда Кыргызстанга өтө турган жерлер тууралуу маалымат берилди

0
Чек ара: ЖКда Кыргызстанга өтө турган жерлер тууралуу маалымат берилди

Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев парламенттин тармактык комитетинин 15-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо иштеринин жыйынтыгында кыргыз тарапка өтө турган жерлер тууралуу маалымат берди.

“Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын курбаганы үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар алды. Ушул эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар. Үчүнчү - Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик. Төртүнчү - 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелейный станциялары бар. Бешинчи - Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Ал Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик. Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык”.

Мырзаевдин жыйында айткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1472,83 чакырым. Анын 1170,53 чакырымы 2017-жылы такталган. макулдашыла элек 302,29 чакырым чек ара тилкеси калган. 2017-жылдан бери эки өлкөнүн бийлиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөргөн.

Буга чейинки маалыматтарда эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым экени айтылып келген. 

15-ноябрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган. (BTo)





Губернаторы России
Москва

Собянин представил масштабную программу фестиваля "Пасхальный дар"





Москва

Электрокроссовер Voyah Free получил новую версию для России. Ее представили в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В Щербинке будут запущены автобусные маршруты к МЦД и соцобъектам



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Калужские школьники выступили на фестивале в честь Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о строительстве спортивных объектов

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о Всероссийском конкурсе спортивных проектов «Ты в игре»

Вокруг парка на электромобиле: что будет доступно напрокат в Москве


Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о Всероссийском конкурсе спортивных проектов «Ты в игре»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России