Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

ИИМ соцтармактарда чагымчыл маалымат таратууга тыюу салынганын эскертти

0
ИИМ соцтармактарда чагымчыл маалымат таратууга тыюу салынганын эскертти

Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармактарда чагымчыл маалыматтарды жарыялоого тыюу салынганын эскертүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-ноябрда тараткан маалыматта өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылары да айтылган.

"Социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний аймактар аралык кастыкты (араздашууга) козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат. Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо чараларын көрүп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутуу аракети Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, мындай жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн билдирди.

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин ачык билдирген, соцтармактарга жазып жүргөн саясатчы, активист жана блогерлер (жалпы 26 адам) жапырт кармалган. Алардын экөө үй камагына, калгандары эки айга №1 тергөө абактарына камалышкан. Дээрлик баарына "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап жаткан учурда бир катар активисттер парламенттин алдында нааразылык акциясына чыгышкан.

Эки адамды: укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Сапар Аргымбаевди милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин кое берген.

Соцтармактын айрым колдонуучулары Фейсбуктагы баракчасына жазган посттору үчүн милицияга түшүндүрмө берип чыкканын жазышууда.(ZKo)





Губернаторы России
Москва

Собянин перечислил самые популярные виды туризма в Москве





Москва

Пресс-релиз | CRYPTONIUM | Новая экосистема для заработка на криптовалюте | Арбитраж | Трейдинг | Обучение


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

«Синий троллейбус» будет курсировать по улицам Иркутска 9 и 10 мая под песни Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Сезон 2024 года открыт!

Шесть скейт-парков и роллердром работают на площадках «Московских сезонов»

На площадках «Московских сезонов» работают шесть скейт-парков и роллердром


Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

РЕН ТВ: один человек пострадал в результате стрельбы в Калуге



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России