Чек ара: Конституциялык сот келишим долбооруна корутунду бербөө себебин түшүндүрдү
Конституциялык сот 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу келишимдин долбооруна корутунду берилбеди деген сынга жооп берди.
Конституциялык соттун депутаттарга жолдонгон жообунда Баш мыйзамдын 26-беренеси, "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга шилтеме берилген.
"Конституциялык сот демилгечи орган эмес, ошондуктан эл аралык макулдашуулардын долбооруна корутунду тийиштүү тарап макулдашуу Кыргызстандын Конституциялык мыйзамдарына туура келбесин негиздеп кайрылган учурда гана берилет. Чек ара маселелери боюнча эл аралык макулдашуу боюнча мурда эч кандай кайрылуу болгон эмес," - деп жазылган маалыматта.
Ага чейин Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоору каралган учурда депутаттар Нуржигит Кадырбеков жана Адахан Мадумаров парламенттин регламентине ылайык чек араны ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарыл экенин, ал жок экенин айтып чыгышкан.
Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди
. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. Ага 18 депутат каршы добуш берип, 65и колдоду. (ZKo)