Бишкек шаардык соту Болот Темировдун ишин карады
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргеликте башкаруу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына байланыштуу мыйзамдар бүгүн Жогорку Кеңеште дароо үч окууда кабыл алынды. Президент катышкан жыйын кызыл чеке талаштар менен коштолуп, кайым айтыштар болду. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Илгиз Шаменов менен Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасы каралып, алар эки айга камакта калды. Казакстандын президентин шайлоо алдында Касым-Жоомарт Токаев Алматыга келди. Эл менен жолуккан маалда ал январь окуяларына токтолуп, бейпилдикти бузууну “радикалдар” пландаганын дагы бир ирет кайталады.