Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Казакстан: Шайлоо өнөктүгүн коштогон кармоолор

0
Казакстан: Шайлоо өнөктүгүн коштогон кармоолор

Казакстанда президенттик шайлоонун алдында жарандык активисттер кармала баштады. Президент Касым-Жомарт Токаев шайлоого саналуу күн калганда Алматы шаарына келди. Ал жолугушууда Январь окуясына токтолуп, “кутумчулар”, “радикалдар” тууралуу сөзүн дагы кайталады. 20-ноябрга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо Токаев жети жылдык мөөнөткө кайра аттанды.

16-ноябрда Алматынын көчөлөрүндө адаттагыдан башкача тыгын болду. Бул күнү Алматыга келген Касым-Жомарт Токаев быйыл жыл башындагы кандуу Январь окуясына токтолду:

“Алар тынчтык митингдерин өлкөбүздөгү бейпилдикти бузуу үчүн колдонушкан. Бул жерде тынч демонстрациялардын себептерин жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган кутумчулардын максаттарын так ажыратып алуу зарыл”.

Кандуу окуяда 200дөн ашуун киши, анын ичинде аялдар-балдар мерт болуп, жүздөгөнү жараат алган. Он миңдей адам кармалып, 1000ден ашуун жаран сот жообуна тартылган. Токаев “коомду араздашууга аракет кылган деструктивдүү күчтөр” тууралуу тезисин кайталап, “тополоң чыгаргандарды даңазалабоого” үндөдү.

Январдын башында коңшу өлкөнүн бир нече аймагында, Алматы шаарында коррупцияга, кымбатчылыкка жана жумушсуздукка каршы жапырт нааразылык акциялары өткөн. Элдин талабы - эркин шайлоо өткөрүү, коррупцияны жана бийликтеги тууганчылыкты токтотуу болгон.

Андыктан саясий аналитиктер шайлоого саналуу күндөр калганда Токаевдин Алматыга барганын "шайлоочулардан колдоо күтүү" деп сыпатташууда.

Саясат таануучу Газиз Абишов президент шайлоого саналуу күндөр калганда Алматыга бекеринен келбегенин белгиледи. Анын айтымында, бул шаарда акыркы жылдары тургундар шайлоого жакшы катышпай, бийликке нааразылык маанайы байкалып турат.

Ошентип, Касым-Жомарт Токаев Алматыга болгон иш сапарынын алкагында шаардыктар менен жолугушту. Бирок Абай атындагы театрда өткөн жолугушууга кирүүгө чектелген сандагы адамдарга гана уруксат берилди. Көптөгөн алматылыктар анын келгенин билбей да калганын "Азаттыктын" казак кызматы жазып, муну тастыктаган пикирлерди жарыялады.

Залга кирип чыккандардын айрымдары журналисттерге комментарий бергенде, адамдар Токаевдин сөзүн угуп эле отурушканын, суроо узатууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтышты.

Ал ортодо жекшембиге белгиленген добуш берүүнү утурлай таза шайлоо өткөрүү, саясий туткундардын абалы тууралуу бийликти сындап жүргөн активисттер кармала баштады. Айрымдарына айыппул салынып, 15 суткага чейин камалышты. Арасында расмий катталбаган оппозициялык "Алга, Казакстан" партиясынын мүчөлөрү да бар.

Жарандык активист Амангелди Жахин "Азаттыкка" сүйлөгөндө: "Мен муну биздин партияга карата саясий кысым деп ойлойм", - деген пикирин айтты.

Ички иштер министрлиги митингдердин алдында активисттерди камап жатат деген маалыматты четке какты.

20-ноябрда өтчү шайлоодо алты талапкер ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкердин арасынан Токаевден башкасы анчейин таанымал эмес. Казакстанда быйыл өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык президент жети жылдык мөөнөткө шайланат.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о перспективах Москвы как туристического центра





Москва

Фонд «Восход» инвестировал в российский проект SaaS-платформы на основе ИИ Syntelly


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: На Пасху городской транспорт будет работать дольше



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

The Beatles

Вышел трейлер отреставрированной документалки о группе The Beatles




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Новинка от Edifier: беспроводные наушники Comfo Run для занятий спортом

В дивизии имени Ф.Э. Дзержинского Росгвардии стартовал турнир по боксу «Кубок Победы»

Спортсмены Якутии стали бронзовыми призерами чемпионата России по вольной борьбе


WTA

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о чемпионате по профмастерству в авиастроении



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России