Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Чек ара: Бишкекти жер, Ташкентти суу кызыктырабы?

0
Чек ара: Бишкекти жер, Ташкентти суу кызыктырабы?

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Ташкент суу ресурстарына, ал эми Бишкек талаштуу жер тилкелерге басым жасаганы эки тараптын келишимдерди бекитүү учурунда белгилүү болду.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты.

Кыргызстанга жазылган жерлер

Жыйын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, Кыргызстан ээлик кылчу жерлерди атады:

"Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын куруп бербегени үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар жер алат. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.

Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Биз аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетиштик.

35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелей станциялары бар.

Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алууга жетиштик.

Ошондой эле 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жерди алдык.

Бишкектин чечими

Кемпир-Абадды Өзбекстандын толук ээлигине өткөрүп, Орто-Токой суу сактагычын пайдаланууга берүү, Чечме-Булактын, Көк-Таш суусунун нугун бирге башкаруу шарттарын айрым депутаттар теңсиздик катары кабыл алды.

"Альянс" фракциясынын мүчөсү, депутат Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад өзбек тарапка өтүп, андан башка үч стратегиялык суу ресурсу биргеликте башкарууга берилгенин Ташкенттин утушу катары баалады:

"Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 50/50 башкаруу болорун айтышкан. Бирок документте кыргыз тарабынан дайындалган адистер паспортторун көргөзүп, текшерүүдөн өтүп анан ага киргизиле турганы жазылыптыр. Бул эмне деген кемсинтүү? Суу сактагычтар боюнча биздин укуктар эмнеге мынча чектелген? Мындан башка Орто-Токой суу сактагычы, Гавасай суусунун табигый агымына тоскоолдук жасабай, нугун бурганга болбой турганы айтылыптыр. Эмнеге биз өзүбүздүн жердеги дарыяларды өзүбүз башкара албайбыз? Чечме-Булак боюнча, аны биргеликте иштетүү тууралуу өз алдынча макулдашуу болот дегени эмнеси? Биздин кошуналар стратегиялык максаттарына жетишти".

17-октябрда Жогорку Кеңеште келишимдерди бекитүү учурунда өкмөт аралык паритеттик комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте туруп, Чечме булак боюнча эки тарапта азырынча бирдиктүү чечим жоктугун айтты. "Чечме [Чечме-Булак - ред] боюнча, азыр кандай болсо, ошол бойдон калды. Чечмени киргизген жокпуз, себеби, ал жерде ачыгын айтышыбыз керек, бирдиктүү келишимге келе албадык. Азыр кандай пайдаланып жатсак, ортодо, ушундай кала берет. Келечекте көрөрбүз".

Былтыр Ташиев Өзгөндө эл менен жолукканда "Чечме булак эки сотых жер экен. Бирок ата-бабаларыбыздан калган, жогору жагында алардын мүрзөлөрү бар экен. Эки сотых жер, тегерегин кошкондо 1 гектардай болуш керек. Бирок 1 гектардай жерди, эки сотых булакты макулдашпай калдык деп, башка жерди таштап кое алган жокпуз", - деп айткан.

Чечме булак - Кадамжай районунун Бирлик айылынын аймагында. 2020-жылы жазында Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.

Парламенттеги жыйында депутат Нуржигит Кадырбековдун Гавасай дарыясы үчүн кыргыз тарап кошумча милдеттемелерди алып жатканына кызыкты. Эл өкүлүнүн суроосуна жооп берген Ташиев төмөнкүчө түшүндүрмө берди.

"Гавасай тоодон агып түшкөн суу. Үстүндө Көк-Таш айылыбыз бар. Суу агып түшүп туура Өзбекстанга кирип кетет. Аны сиз эч кандай тосо албайсыз. Эгер тосуп, суу сактагыч курам десеңиз, ал суу сактагычтын бизге эч кандай экономикалык пайдасы жок. Анда Көк-Таш айылын толугу менен көчүрүш керек. Бул жерде (келишимде) сууну булгабоо боюнча гана сөз болуп жатат", - деди.

Келишимге ылайык, Кыргызстандын 850 гектар аянтын ээлеген Орто-Токой суу сактагычынын суусун Өзбекстан пайдаланып, анын ордуна кыргыз тарапка кенемте катары Намангандан 477 гектар жер берилет.

"Орто-Токой суу сактагычы берилген жок. Анын плотинасы да, жери да Кыргызстанда болгон, ошол бойдон калды. Суу сактагычтын жери үчүн компенсацияга берилген аянт да бизге өттү. Ал үчүн Кыргызстан эч кандай милдеттенме алган жок", - деди Ташиев.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Ташкенттин чечими

14-ноябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Олий Мажилиске келгенде суу ресурстарын бирге колдонуу жана бул үчүн жер тилкелери алмашыларын билдирди:

"Чуст районунун карамагындагы 105 гектар жер аянты ушуга чейин кыргыз жарандары жашап келе жаткан Кара-Коргон массиви деп аталат. Демаркация маалында жөнгө салына турган 10 тилке боюнча 429 гектар жер аянтынын ордуна биздин аймактардагы 294 гектар жер алмашууга келиштик. Мындан сырткары Сох районундагы чек ара талашынын айынан чыр-чатакка негиз болгон Чечме-Булак боюнча дагы аны биргеликте пайдалануу тууралуу кийин өз алдынча макулдашуу болот".

Өзбекстандын Олий мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын бирге пайдалануу келишимдерин Борбор Азия чөлкөмүндө трансчегаралык сууларды бирге башкаруу, биргеликте пайдалануу боюнча суу дипломатиясынын ийгилиги катары бааланды.

Эл аралык иштер жана парламент аралык байланыштар комитетинин төрайымы Дилором Файзиева бул келишимдерди бекитүүнү көп жылдан бери күтүлгөн маанилүү чечим деген ишенимин билдирди:

"Борбор Азиядагы трансчегаралык сууну чогуу пайдалануу, аларды биргеликте башкаруу маселесин биз ар дайым арзуу кылып жүргөнбүз десем туура болот. Бүгүн биз бекитүү үчүн карап жаткан документтер көп жылдан бери күтүлүп жаткан чечим. Бул суу дипломатиясына жол ачкан эң жакшы кадам болот деп биз ишенебиз".

Олий мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасында премьер Арипов Кемпир-Абад суу сактагычын "стратегиялык объект" деп атап, ал Өзбекстандын 175 миң гектардан ашуун айдоо аянты, ал эми Кыргызстандын 22 миң гектар жери суу ичерин билдирди.

Өзбек парламенттинин "Миллий тикланиш" саясий фракциясынын лидери Алишер Кодиров кошуналар ортосундагы чыр-чатактарга себеп болгон чек ара көйгөйүн чечилишин бир кезде көмүлгөн "миналардан" тазалоого салыштырды:

"Бүгүнкү чек ара жана суу маселелери мындан бир нече жыл мурун биздин мамлекеттердин ортосундагы чоң көйгөйлөр болчу. Эч бир чечүүгө мүмкүн эместей болуп, аягы көрүнбөгөн көйгөйдөй көрүнчү. Азыр жүрүп жаткан иш-аракеттер ошол көмүлгөн "миналарга" окшош көйгөйлөрдүн чеберчилик менен чечилишине алып келет. Калкыбызда жакшы жашаш үчүн суу анан нан керек деген учкул сөз бар".

Чыгым менен зыян

Кыргыз парламентинин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинде кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын бирге пайдалануу келишимдерин кароо маалында "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков тескерисинче, документтерде талаш-тартышка алып келчү шарттар, эске алынбай калган жагдайлар бардыгына токтолгон.

"Өзбек тарап 276 чакырымга созулган суу каналын, жолдорду курушу керек эле. Бир эле мисал Өзгөн-Бек-Абад жолун, Жазы дарыясына көпүрлөрдү курган эмес. Ошондуктан 1975-жылы Ош облустук жетекчилигин сунушу менен Кыргыз ССринин Министрлер кеңеши "өзбек тарап алган милдеттерин аткарбагандыктан Ош облусунун чегиндеги республикалык чек араны өзгөртүүсуз калтырып, он жыл мурун чыккан токтомун жокко чыгарган. Ошондой эле Кыргызстанды 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиевдин китебин карасаңыздар, Токтогул, Кемпир-Абад, Орто-Токой, Керкидан сыяктуу биздин аймакта курулган суу сактагычтардын кесепетинен 40 миң гектардан ашуун жерибиз суу астында калган. Болгону 5 миң гектарга жетпеген жерди кенемтеге алыптырбыз. Суу алдында калган жерлердин кенемтеси боюнча маселелердин бардыгы комплекстүү каралып, чечилиши керек".

Өзбек премьери Абдулло Арипов парламентте сүйлөп жатып, кезинде өзбек тарап кыргыз тараптын 8 миң гектардан ашуун жерин сугаруу үчүн 200 чакырымдан ашуун суу каналын казуу милдетин кайсы бир себептер менен аткарбаганын моюнга алган. Бүргөндүгө кетчү каналды куруу үчүн ал өз жагынан 20 калктуу конушту көчүрүп, 2 миң гектардан ашуун жерди бошотууга туура келерин, ошондуктан Наманган облусуна караган Гавасай аймагынан 12 миң гектардан ашуун жер кенемтени толтуруу үчүн берилгенин айткан.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын башчысы Адахан Мадумаров төлөнбөгөн кенемте менен кошо өзбек тарап тапкан пайда эмнеге эсептелген эмес деген суроо койду:

"Өзбекстан 10 жылда алган убадаларынын бирин дагы аткарган эмес. Ошол үчүн 1975-жылы ошол кездеги Министрлер кеңешинин төрагасы Сүйүнбек Акматбаевдин колу коюлган токтом чыккан. Биз таяна турган тарыхый документ ошол. Башка документ жок. Силер эмнеге бул тууралуу унчукпайсыңар? Кемпир-абад суу сактагычы курулгандан баштап Өзбекстан пахтанын көлөмүн 6-7 млн тоннага чейин чыгарган. Ага чейин болгону 1 млн 200 миң тонна болчу. Эми эсебин чыгарып көргүлө. Жарым кылымда алардын тапкан пайдасы канча болду? Мына, силерге кенемте. "

Кемпир-Абаддын суу чөйчөгүн алууну көздөгөн аракет

Камчыбек Ташиев Кемпир-Абаддын суу чөйчөгү турган жерди жана анын айланасын алып калууга аракет жасаганын, бирок өзбек тарап буга көнбөй, анда ага айырбашталчу жерди кайтарып берүүнү талап кылганын кошумчалаган. Анын айтымында, суу сактагычтын 900-горизонталга чейин суу топтоо деңгээли чектелген. Ал эми өзбек тараптын сууну ылдый түшүрбөй турган суу чөйчөктүн төмөнкү чегин аныктоо сунушу четке кагылганы айтылды.

Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча ыйгарым өкүлү Назирбек Бөрүбаев Кемпир-Абаддагы тилкелер берилбесе, анда мурда алынып, калк отурукташып калган жерлерди бошотууга туура келмек дейт:

"Кемпир-Абаддын астындагы жерди биз "бербейбиз" дегенде анда алар "мурда совет мезгилинде кенемте катары берилген 4127 гектар жерди кайра кайтаргыла" дешти. Бирок ал жерлерде биздин элибиз отурукташып, 25 миңден ашуун жаран жашайт. Алардын үлүш жерлери, чарбалары, жайыттары бар. Ал жерлерди бере албайт болчубуз. Ошондуктан алар "анда суу сактагычтын суу чөйчөгүн бизге мурда ажыраткансыңар, ошол шарт боюнча бересиңер" дешти. Ошентип, талашып-тартышып отуруп, комиссиянын деңгээлинде чечим кабыл алынды".

Ошол эле кезде өзбек парламентинде Кемпир-Абадды куруу үчүн убада кылынган 276 чакырым суу каналы курулбай калган кенемтесин толтурган жерлерден башка, кыргыз тараптын башка суу сактагычтардан тарткан зыяндын өлчөмү, Өзбекстандын көргөн пайдасы тууралуу айтылган эмес.

Өзбекстандын Олий Мажилистин депутаты Зафар Худойбердиев дүйнөдө геосаясий тиреш курчуп жаткан маалда мамлекеттик чек араларды тактап, жер-суу талаштарын чечип алуу маанилүү экенин, бул жагдай эки тараптуу мамилени жаңы деңгээлге чыгарарын айтты:

"Соңку мезгилде дүйнөдө жүрүп жаткан түрдүү геосаясий тирешүүлөргө карабай Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилелери жаңы баскычка жогорулады. Муну эки элдин ортосундагы соңку мезгилде достук жана ынак кошуналык карым-катнаштарынан дагы көрсөк болот".

Совет доорунда Кемпир-Абад суу сактагычын куруу үчүн мурда берилген 4127 гектарды кошкондо 19 699 гектар жер кыргыз тарапка өткөнү маалым болду. Анын ичинде соңку сүйлөшүүлөрдө 1965-жылдагы токтомдун бир шарты аткарылып, мурда курулбай калган каналдын айынан өздөштүрүлбөй турган 8 миң гектар жердин кенемтесин толтуруу үчүн өзбек тарап Пап жана Чуст райондорундагы Гавасай аймагынан 12 миң 849 гектар жер берүүнү макулдашкан.

Ташкент аткарбаган убада

Кыргыз ССРинин бир колхозунун, үч совхозунун жана бир тажрыйба чарбасынын объектилери көчүрүлгөн. Натыйжада, жеке жана чарбалык жер тилкелери жайгашкан аймак суунун астында калган.

Чек араларды тактоо боюнча өкмөт аралык комиссияны бир топ жыл жетектеген Саламат Аламанов өзбек тарап менен мына ошол өнбөй калган кенемте жана алынбай калган пайда мурдагы чек ара сүйлөшүүлөрүнүн өзөгүн түзүп, бирок өзбек тарап ага макул болбой келгенин белгилейт:

"План боюнча суу сактагычтан төмөн карай суунун сол жээгиндеги аймактарды суу менен камсыз кылуу жана Сохтун жанындагы он миң гектарга жакын жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында канал салынмак. Оң жак жээктеги Кыргызстандын жерлерин суу менен камсыз кылуу үчүн да канал салынмак. Мындан тышкары, өзбек тарап суу сактагычтын жанындагы айылдарды сыртка көчүрүп, аларга ошол учурдун талабына жооп берген заманбап кыштактарды куруп бермек болгон. Суу сактагыч курулду, анын пайдасы тийип жатты, бирок Кыргызстан үчүн аткарыла турган иштер аткарылбай калды. Сүйлөшүүлөрдө биз ушуну далил катары пайдаланчубуз. "Суу сактагычтын пайдасын канча жылдан бери көрүп келе жатасыңар, курулган тосмодон бир топ эсе чоң пайда көрдүңөр, бул өзүн актады. Ошондуктан биз эми сүйлөшүүнү башка нукта жүргүзүшүбүз керек. Силер аткарбай койгон милдеттенмеңер тууралуу сүйлөшүүбүз зарыл" дечүбүз. Ошентип бул маселе чечилбей келген".

 

Кемпир-Абад суу сактагычынын сыйымдуулугу 1,9 млрд. метр куб сууну толтурууга ылайыкташкан. Кемпир-Абад суу сактагычы географиялык жактан Кыргызстандын Ош облусунун аймагында турат. Анын айланасында Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна караштуу айылдар жана жээктерге жакын жерлерде шаалы аянттары бар. Суу сактагычка Өзгөндөгү Жазы, Куршаб дарыялары, Кара-Кулжа, Алайкуу өрөөндөрүнөн түшкөн Кара-Кулжа жана Тар дарыялары кошулган Кара-Дарыя бассейни куят.





Губернаторы России
Москва

Собянин: в 2024 году в ТиНАО будет построено более 35 километров дорог





Москва

Компания BelkaCar нарастила выручку до 5,3 млрд по результатам 2023 года


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о перспективах Москвы как туристического центра



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Баста: «Я ходил в компьютерные клубы в Ростове. Любимый боец в MK – Шан Цунг»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В дивизии имени Ф.Э. Дзержинского Росгвардии стартовал турнир по боксу «Кубок Победы»

Магаданцы завоевали медали на Чемпионате России по борьбе джиу-джитсу

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о чемпионате по профмастерству в авиастроении


Даниил Медведев

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Українські новини

Депутат Миколаївської облради Кормишкін вперше опублікував своє весільне фото



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России