Чек ара: Ташиев Тажикстан менен сүйлөшүүдө жылыш барын айтты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара тактоода Тажикстандын бийлиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
18-ноябрда "Регион" телеканалына курган маегинде ал кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу документтер, кыргыз-тажик чек арасы тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди.
"Мен үч-төрт күн мурун өкмөттөр аралык комиссия менен чогуу барып, жолугушууга катышып келдим. Биз кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Мурда биз жалаң тирешүү менен кепке келе албай келген болсок, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибиз чечиле турган жактарын көрсөтүп, мунасага келе баштадык. "Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы, силерге бул жер керек болсо, бизге анын ордуна бул жерди бергиле" деп, Тажикстан менен сүйлөшүп чечип атабыз. Протоколдорго кол коюлду, мамлекеттик макулдашууларды жүргүзүп ала турган болсок, аны парламентте кечээгидей кылып ийне-жибине чейин талкуулап, анан депутаттарыбыздын макулдугу менен кабыл алабыз. Президенттер кол коет, анан маселе чечилет", - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиевдин маалымдашынча, жакынкы күндөрү Бишкекке Тажикстандан расмий делегация келет.
УКМК башчысы Тажикстандын борбор калаасында кол коюлган протоколдордун мазмунун ачыктаган жок.
14-ноябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму өткөн. Жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышып, аягында протоколго кол коюшкан. Кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган эмес.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.
Чек арадагы кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптады.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады.
Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар бар. (ZKo)