Абактагы активист “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөнүн сынга алган кат жолдоду
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган жарандык активист Рита Карасартованын “Азаттык” радиосунун сайтын эки айга бөгөттөө чечимин сынга алган каты анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Карасартова “Азаттык” 70 жыл боюнча эркиндикке умтулган чындыкты жазып, айтып келгенин жазган.
“СИЗОдо отуруп “Азаттыктын ” сайты эки айга жабылганын угуп капаландым. Өмүрүндө эч нерсе жаратпай, өстүрбөй туруп, жапкыла, жок кылгыла деп, жеңил-желпи сүйлөгөндөр көбөйдү. Мен өзүмдү жаран катары таанып, билгенден бери эстеп көрсөм бийлик дайым “Азаттыкка” кысым көрсөтүп келген. Жогорку окуу жайда мугалим болуп жүрүп канча жолу “Азаттыкка” азаттыкты талап кылып жүрүшкө чыкканбыз”, - деген анда.
Карасартова октябрдын аягында Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалып, эки айга камалган 30га жакын активист жана саясаятчылардын катарында болгон. Аларга бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылган. Айрымдары үй камагына чыккан. Кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпты куугунтук катары баалап келишет.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 26-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Расмий билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, “журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети - Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айткан. Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, бир нече чет өлкөнүн элчиликтери “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирген.
"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги веб-сайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң популярдуу маалымат ресурстарынын катарына кирет. (TSh)