Өзбекстан: газ тартыштыгынан "Фаргоназот" ишин убактылуу токтотту
Өзбекстанда минералдык жер семирткич чыгарган ири заводдордун бири - "Фаргоназот" заводу ишин убактылуу токтотту. Бул чечим жаратылыш газынын тартыштыгынан улам кабыл алынганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Ишкананын администрациясы маалыматты тастыктады. Завод газ менен иштейт.
Жумушчуларынын айтымында, 10-ноябрда газдын басымынын аздыгынан улам аммиак өндүрүү токтотулган.
Иши токтогонуна байланыштуу ноябрь айы үчүн жумушчуларга маяна, сый акы жана материалдык жардам да берилген эмес.
Жыл сайын газдын жетишсиздигинен завод декабрдын аягында бир айга жабылып келген. Бул жылы иш дээрлик эки ай эрте токтоду.