Криптобазардагы кризис
Эң популярдуу криптовалюта – биткоин соңку күндөрү кескин арзандап, 15-16 миң долларга чейин түштү. Бир жыл мурда анын наркы 70 миң долларга чукулдап, быйыл 40 миң доллардын тегерегинде болгон. Айрымдар бул кризис биткоиндин жана башка криптовалюталардын ишеничтүү эмес экендигин көрсөттү десе, башкалар ал кайра көтөрүлөрүн болжолдошот. "Азаттыктын" кезектеги түшүндүрмө видеосунда ушул тема баяндалат.