Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Курултай: мигранттардын өкүлү Москвадагы кыргыз элчисин сындады

0
Курултай: мигранттардын өкүлү Москвадагы кыргыз элчисин сындады

Москва шаарынан келген "Ноокат" коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов Бишкектеги элдик курултайда Орусиядагы мигранттарга байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү. Ал ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишин сынга алып, ага чара көрүлүшү керектигин билдирди.

"Баарыңардын эле уул-кызыңар мусапыр болуп чет мамлекеттерде жүрөт, кыйналып тапканын силерге жөнөтүп, өлкөнүн бюджетине салым кошуп жатат. Москвадагы мигранттардын эң көйгөйлүү маселеси - бул каттоого туруу. Бул маселени чечет деген мигранттардын үмүтү чоң. Ушул маселени чечүүнү мигранттар аябай суранды. Анан "Мигрант" деген тиркеме чыгарса деп жатабыз. Аны "Түндүк" деген системага кошуп койсо, онлайн эле бардык документти бүтүрсө жакшы болмок. Дагы бир чоң көйгөй - маңзат менен кармалып, көптөгөн бала отурат. Алар эң аз дегенде 12 жылдан 25 жылга чейин кесилип кетип жатат. Ушуга байланыштуу роликтерди чыгарып, аны телевидение аркылуу таратып, "жолобогула" деп эскертүү керек болуп жатат. Бул жактан иш орундарын түзүп, сырттагы мигранттардын санын азайтсак. Москвада "Сахарово" деген борбордо мигранттар ар жылы медициналык кароодон өтүшү керек. Ошол кароону Кыргызстанда эле жүргүзгүдөй болсок жакшы болмок. Урматтуу президент, ошол жерде элчи эжебиз бар (Гүлнара-Клара Самат - ред), биз аны эл менен эмес деп көп айтып келдик. Анын маселеси Жогорку Кеңеште каралат деп жатты эле, бирок Баткен көйгөйү чыгып каралбай калды. Өзүнүн элин башка мамлекеттин коопсуздук кызматкерлерине салып берип жаткан элчинин бул кызматта иштегенге акысы жок", - деди Акматов.

Ушул жылдын август айында Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. Мунун алдында Москвада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган жолугушууга байланыштуу сын-доомат айтылган. Анда кыргызстандык мигранттар элчинин келбей койгонуна нааразы болушкан

Бир айдан кийин, сентябрдын башында Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Самат менен жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонгон.

Элчи менен министр буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Бул өлкөдө 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылган жана алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон окуя катталган.





Губернаторы России
Москва

Собянин представил масштабную программу фестиваля "Пасхальный дар"





Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: К открытию Троицкой линии территории возле новых станций благоустроят



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Якутянин победил на первенстве России по настольному теннису

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Мода

5 лучших бьюти-средств для тела на весну



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России