Алиев менен Пашиняндын Брюсселде пландалган жолугушуусу өтпөйт
Армения менен Азербайжандын лидерлеринин 7-декабрда Брюсселде пландалган жолугушуусу өтпөй турганын Азербайжандын президенти Илхам Алиев билдирди.
Анын айтымында, президенттин жардамчысы Хикмет Гажиевге Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин кеңсеси байланышка чыккан жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Франциянын президенти Макрондун катышуусунда жолугушууга макул экенин айтканын билдирген.
"Демек, бул жолугушуу болбойт", - деген Алиев Франция тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпашы керектигин белгиледи. Ал Макрон буга чейинки интервьюсунда Азербайжанды сындаганын айтып, француз бийлигинде Азербайжанга каршы маанай бар экенин кошумчалады.
Армения тараптан жана Франциядан азырынча буга комментарий боло элек.
Карабакка байланыштуу мамилеси муздаган Азербайжан менен Армениянын лидерлери 31-октябрда Сочида Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортомчулугу менен жолугушкан. Бирок андан он күн өтүп Баку менен Ереван кайра бири бирин кескин айыптап чыгышкан.
Соңку күндөрү эки өлкөнүн чек арасында кайрадан атышуулар болуп жатканы кабарланууда. Армениянын Коргоо министрлиги 24-ноябрдын кечинде чек аранын чыгыш тарабында Азербайжандын куралдуу күчтөрү ок атканын билдирди. Баку муну четке какты.