Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

#REАКЦИЯ. Сөз эркиндигин колдогон жөө жүрүш (видео)

0

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өттү.

Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти.

Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап, Чүй проспектиси менен Улуттук филармонияга чейин жөө барууну, акцияны ошол жактагы Журналисттер аллеясынан жыйынтыктоону көздөп жатышканын модератор Касиет Мамырбай билдирди.

 

Акциянын уюштуруучуларынын бири Али Токтакунов:

"Болот Темировго окшогондор жүз миңдеп саналат. Анткени ал бала чагында ата-энеси менен ошол жакка барып, ошол жактын паспортун алууга аргасыз болгон. Кечээ ушул акция болот деп жазсам, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов "мен да барсам болобу?" деп жазыптыр. Мен бул жерде ал кишини табалагым келбейт. Сөз эркиндиги баарыбызга керек. Азыр бийликте тургандар да бир кезде эл арасында болот. Ошондо Мурат Суталиновдой болуп жардамга муктаж болот. Ошол күнгө жеткирбей адилеттүүлүктү сындыра турган болсо анда коом боло албайбыз. Биз УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиевди сыйлайбыз, бирок эмнеге андан коркушубуз керек? Ал киши бизден коркууну талап кылып жатат. Ачык коом, журналисттер коомдогу индикаторлор. Бийлик сөз эркиндигин бууса, коом ичинен быкшып, бир күнү кандайдыр бир жарылууга алып келет. Биз бул жерге чындыкты айтуу мүмкүнчүлүгүбүздү коргоо үчүн келдик".

Али Токтакунов бийлик өкүлдөрүн коррупцияны иликтеген журналисттер менен жолугууга чакырды.

“Өлкөдөн чыгарып жибереби, камайбы, башка кылабы биздин иликтөөлөр уланат. Анткени журналисттердин иши коомдун санитары. Мен буга чейин сунуштагам, азыр дагы сунуштайм. Бийлик иликтөө жасаган журналисттерди үч ай сайын кабыл алып, жасаган материалдарды айтып беригиле десе, жакшы болмок. Анткени биз бийликтин тарапташы дагы эмес, оппозиция дагы эмес болгону чындыкты айткан бейтарап адамдарбыз”, - деди Токтакунов.

Жүрүшкө чыккандар "Эркиндик", "Азаттыкка азаттык", "Куугунтук токтосун", "Болот курчуйт, таш сынат!", "Тил кесмей жок" деп кыйкырып жолун улашты.

Жөө жүрүш башталардын алдында бетиг жапкан жоон топ адамдар келип, акциянын катышуучуларына тийишти.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын жолун милиция кызматкерлери тосуп, Ак үйдүн алдында жана элдик курултай өтүп жаткан филармонияга барууга болбосун эскертти. Учурда катышуучулар Горький гүлбагын көздөй барды. 

Жөө жүрүштүн катышуучулары Горький гүлбагында Кыргызстандын Гимнин ырдашып, Кыргызстандан мыйзамсыз депортация болгон журналист Болот Темировду бүгүнкү туулган күнү менен куттукташты.

Кыргызстанда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынып калышы мүмкүн экенин эскертишип, кыргыз жарандарын кайдыгер болбоого чакырышты.

Уюштуруучулардын бири, журналист Азият Жекшеев бүгүнкү жүрүш жарандык укукту коргоо үчүн уюштурулганын, кеминде миңдей адам чогулганын айтты:

"Кыргызстандын жаранын сын айтканы үчүн атуулдугунан ажыратып, сыртка чыгарып жиберишти. Бул Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетирчү коркунуч. Биз Болот Темировду бошотууну талап кылабыз. Кемпир-Абад боюнча камалып жаткандарды да эркиндикке чыгарууну, "Азаттыкка" кысымды токтотууну да талап кылдык. Андан тышкары сөз эркиндигине коркунуч келтирген мыйзамдар кабыл алынганы жатыптыр. Аны да токтотууну талап кылабыз. Бүгүн токтотпосок, эртең кеч болуп бат эле Түркмөнстанга айланабыз. Кыргызстандын тарыхында мыйзамсыздык аракеттери эч качан колдоо тапкан эмес. Бүгүн миң киши чогулса, эртең 7 миң киши чогулушу мүмкүн дегендей".

Ош шаарында дагы сөз эркиндигин колдогон акция өттү. Ага отуздай журналист, блогер жана жарандык активисттер катышты. Чогулгандар "сөз эркиндигине басымды токтоткула", "көз карандысыз медиаларды кысымга алганды токтоткула" деп жазылган плакаттарды кармап турушту.

Мындан сырткары алар Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду кайтарып келүү талабын коюп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.

Бишкек шаардык соту Темировдун ишин 23-ноябрда карап, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарып, ошол эле күнү күч кызматкерлеринин коштоосунда Москва шаарына күч менен жеткирилген.

Бул боюнча бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу республикага өтүшү мыйзамсыз экенин ачык айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист азыр камакта отурат.

"Азаттык" радиосунун сайты 26-октябрдан бери бөгөттөлүп турат.

Бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин, Темиров мыйзам чегинде жазаланганын, "Азаттыктын" сайты мыйзамдын негизинде бөгөттөлгөнүн билдирип жатышат.

Ири эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы бул көрүнүштөр демократияга доо келтирерин айтып, кооптонуусун билдирүүдө.





Губернаторы России
Москва

Собянин: К открытию Троицкой линии территории возле новых станций благоустроят





Москва

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Григорий Лепс

«Я не джентльмен»: Лепс вновь объяснился за инцидент с телефоном фанатки




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Якутянин победил на первенстве России по настольному теннису

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ


Полина Михайлова

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Школьница из Бутово придумала приложение для детей и взрослых «Твой ортодонт»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России