HRW: Кыргыз бийлиги өз жарандарынын укугун коргоого милдеттүү
Адам укуктарын коргогон Human Rights Watch эл аралык уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Бишкекке келип, кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту. "Азаттыктын" студиясына келип, кыргыз өкмөтү менен жолугушуу, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу суроолорго жооп берди.