Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

"Зардалы окуясында алдын ала маалымат болгон, тийиштүү чара көрүлгөн эмес"

0

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, генерал Алыбай Кайыпов болду. Ал маегинде кантип “конторага” келгенин, бийлик жана кылмыштуу топтор, баңгизат ташуунун жолу, Акаев жана наркобарондор, терроризм менен күрөш тууралуу суроолорго жооп берди. 

- Алыбай мырза, 1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башында кошуна мамлекеттерде оппозициялык маанайдагы саясий ишмерлер ар кандай куугунтуктарга кабылып, айрымдары чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Кыргызстанда андай көрүнүштөр болгон жок, анын себебин ал кездеги КГБнын төрагасы, генерал Жумабек Асанкуловдун ысымы менен байланыштырсак болобу?

- Ооба, кыргыз оппозициясына байланыштуу андай мамилени Асанкуловдун ысымы менен байланыштырсак болот. Андан кийинки кырдаал боюнча КГБнын кийинки жетекчиси, генерал Анарбек Бакаевдин позицияларына байланыштырып карасак жаңылышпайбыз. Анарбек Курамаевичти мен жакшы билип калдым, жанында көп жүрдүм, жакшы мамилем бар болчу. Эки генерал тең эгер оппозицияда суроолор жаралып калса, өзүлөрү диалогго чыгып, лидерлер менен бет-бет жолугуп сүйлөшүп турушчу. “Бийлик кайсы жерде кемчилик кетирип жатат” деген суроолорго жоопторду угушчу. Ошондон улам оппозицияга мамилелер кошуналарга салыштырмалуу жеңил болгон.

- Сиз көп жылдар коопсуздук комитетинде контрчалгындоо кызматында, чекара кызматында иштегенсиз. 1999-2000-жылдары Кыргызстанга кирген террористтик топтордун кесепетинен кыргыз жоокерлеринде жоготуу болгону, кыргыз генералы колго түшкөнүн сиз кандай түшүндүрөсүз? Кыргыз армиясынын алсыздыгыбы, чалгындоо кызматынын начарлыгыбы?  

- Мен ал окуяларга түздөн-түз катышкан эмесмин. Бирок, ага жеке пикирим бар. Негизги окуяга чейинки кырдаалды терең талдап, анализ кылган киши болгон эмес. 1997-жылы болсо керек, мен анда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп жатканда Баткенге барып калдым. Ошондо мага бир киши “Тажикстандын Жерге-Тал району тараптан сакалчан адамдар Зардалы аркылуу Сох аймагына түшүп, Өзбекстанга кирип-чыгып жүрүшөт” деп айтып калды. Жанымда райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси отурган, “уктуңбу” дедим. “Мен сага бир жума мөөнөт берем, Зардалыга өзүң барып, абалды билип келесиң” деп дароо тапшырма бердим. Бир жумадан кийин чалып, “мен өзүңүзгө барып айтып берейин” деди. Иш жүзүндө бизге мурда жеткен маалыматтардын баары чын болуп чыкты, Өзбекстанга келип-кетип жүргөн адамдардын тобу бар экени аныкталды. Мен дароо ички иштер министри Өмүрбек Кутуевге абалды түшүндүрүп кат жаздым. Ал киши Ак үйгө кат жолдоду. Тилекке каршы, ал тараптан жооп болгон жок. Ошону менен өчүп калбай тиешелүү чараларды көрүш керек эле.

- Өзүңүз айткандай сиз Ош облусунда ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда күтүүсүздөн кызматтан алынгансыз, ага эмне себеп болгон?

- Ошол учурда баңгизаттарды ташуу, соодалоо фактылары көп каттала баштады. Өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда соода кылган комерсанттар, айдоочулар да бул ишке аралашып, кириптер болуп жатышканы айтылып жатты. Ошондо Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ошко келип, чогуу ушул көйгөйдү талкуулаганбыз. “Абалды жакшы билиш үчүн өзүңүз да барып жеринен көрүп келбейсизби” деп калды тажик кесиптештер. Министрден уруксат алдым. Андан кийин биз баңгизат боюнча иштеген тиешелүү кызматкерлерди алып, аларга барып, кырдаалды дагы талкууладык, биргелешип күрөшүү жолдорун, ыкчам маалыматтар менен алмашып турууну макулдаштык. Бадахшандын губернатору менен жолуктум, көп маселелерди сүйлөштүк. Ал жактан келип, эмгек өргүүсүндө бир ай жүрүп келсем эле ызуу-чуу. “Сени менен Бадахшанга барган кызматкериңердин өзү баңгизат алып келиптир” деп калышты. "Прокуратурабы, Улуттук коопсуздук кызматыбы текшергиле" дедим.

- Сиздин кызматтан кетишиңизге ошол окуя себеп болгонбу?

- Жок, мен иштеп жаттым. “Баңгизат алып келген имиш” деген балдар менен сүйлөшкөн да жокмун. Мени көрө албагандар маселени ары чоюшту, бери чоюшту, күчөтө башташты. “Кызматкерлери эле эмес, өзү да аралашса керек” деп ушакташты. Ошентип бул окуя боюнча жалган маалыматтарды көбүртүп-жабыртып, өкмөттүн жогорку кабаттарына жеткире башташты. “Кайыповду жоготуш керек” дегендер чыкты. Министр мени кызматтан ал албай ортодо убара. “Жумуштан ал деп кыйнагандар көбөйдү” деп министрибиз айтып калды. Ошентип  тажаганда “ИИМге башкармалыктын жетекчиси болуп келиңиз, коллегия мүчөсү болосуз, тынч иштей бересиз” деп калды. Мен макул болдум.

- Демек, сизди кызматтан алууга министрди кыйнап жатышса, баңгизат жолун көзөмөлдөгөнгө бийликтин жогору жагында тургандар кийлигишет, аралашат десек болобу?

- Мен божомол менен эмес, факты менен сүйлөгөндү жакшы көрөм. Бийликтин андай катышы бар деп айта албайм.

- Кыргызстандын биринчи президенти Акаев бир интервьюсунда мени “Түндүк наркобарон” менен “Түштүк наркобарон” биригип алышып, элди уюштуруп, көчөгө алып чыгышып, бийликтен кулатышкан деди. Бул версиянын чындыгы барбы?

- Мен ал кезде күч органдарында иштедим, кырдаалды абдан жакшы билчүмүн. Акаевди бийликтен “барондор кулатты” дегенге кошулбайм. Андай барондор жөнүндө маалыматым болгон эмес. Майда-чүйдө баңгизат ташыгандар болгон. Ал учурда куралдуу топтор менен чоң көлөмдө баңгизат ташыгандар күчтөр болгон эмес.

- Кыргыз-тажик чекарасындагы жаңжалдарды да бангизат ташыгандар менен байланыштыргандар бар. Алар отту жагып коюп, баңгизаттын ири өлчөмүн алып өтүшөт деген пикирлер да айтылып жатпайбы. 

- Баңгизат менен алектенгендерге жаңжалдын, оттун кереги жок. Аларга да тынчтык керек. Аны жөн эле саясат кылып жатышат. Кээ бир журналисттер муну сенсация кылып көбүртүүдө.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником





Москва

Электрокроссовер Voyah Free получил новую версию для России. Ее представили в Москве


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин представил масштабную программу фестиваля "Пасхальный дар"



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкова оправдалась за слитые в сеть снимки: «Ничем никого не удивишь»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Зенит" потерпел второе поражение подряд в РПЛ

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России

ЦСКА проиграл «Балтике» в гостевом матче 26-го тура РПЛ


WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

"Зенит" потерпел второе поражение подряд в РПЛ



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России