Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2022

Үрүмчүдөгү он кишинин өлүмү Кытайдын ири шаарларын козгоду

0
Үрүмчүдөгү он кишинин өлүмү Кытайдын ири шаарларын козгоду

Шанхайда катаал пандемиялык чектөөлөргө каршы акция өттү. Кытайдагы нааразылыктын толкуну 24-ноябрда Үрүмчүдө он кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Маалыматка ылайык, карантинден улам айрым тургундар имараттан чыга алган эмес. Байкоочулар жарандык баш ийбөөнүн масштабы чоң экенин айтып жатышат. 

“Элге кызмат кылгыла!”, “Үй-бүлөңөр, балдарыңар барбы? Эмнеге бизге курал такайсыңар? Полиция элге каршы чыгабы?”, “Силер го иштеп, акча таап жатасыңар, биз кантебиз? Үч жыл болду”.

Бир катар агенттиктер тараткан видеодо жекшембиде таң эрте өлкөнүн эң көп калктуу Шанхай калаасында катаал карантинге нааразылыгын билдирип чыккандар менен тартип коргоочулар ушинтип тирешкенин көрүүгө болот.

Шанхайлыктар адегенде Шинжаңдын борбор шаарында көп кабаттуу турак үйдө чыккан өрттө каза тапкандарды эскерүү үчүн ишембиден жекшембиге караган түнү чогулган эле. Алар шам жагып, плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Айрым кишилер Кытайдын гимнин ырдап жатышты. Иш-чара нааразылык менен коштолду.

Күбөлөр социалдык түйүндөргө бөлүшкөн видеолордон Үрүмчү деп аталган борбордук көчөдө “Си Цзинпин кетсин! Партиянын жетекчилери кетсин!” деген ураандар да жаңырганын көрүүгө болот. Байкоочулар өлкө лидерлерине каршы пикирин билдирүү Кытайда сейрек көрүнүш экенине көңүл бурушат. Бээжин бийлиги Шанхайдагы нааразылык акциясына тиешелүү материалдарды, талкууларды социалдык тармактардан дароо алып салды.

Бир нече убакыттан бери Кытайда бийликтин COVID-19ду түп-тамыры менен жок кылуу саясатына каршы коомдун нааразылыгы күчөп баратат. Өткөн жумада Гуанчжоунун көчөлөрүнө чыккан миңдеген киши тамак-аштын, эң керектүү товарлардын тартыштыгына, дүкөндөрдүн жабылышына, кирешеден куру калышканына, эң негизгиси өз убагында медициналык жардам ала албаганына нааразылыгын билдиришти.

25 миллион калк жашаган Шанхайда дагы буга чейин эки айга толук карантин кирзилгенде азык-түлүк жетпей калган учурлар болгон.

Өткөн бейшембиде Үрүмчүдө 10 кишинин өрттөн каза болушу наарызылыктын отуна май тамызгандай болду.

Интернет колдонуучулары жазгандай, турак жайдын жашоочулары тилсиз жоодон өз убагында кача алган жок, анткени карантинге алынган имарат жарым-жартылай бекитилген болчу.

Үрүмчүнүн 4 миллион жашоочусу 100 күндөн бери пандемиялык чектөөлөрдүн шартында жашап, аларга үйлөрүнөн чыкпоо көрсөтмөсү берилген.

Маалыматка караганда, 15-кабаттан 17-кабатка чейин чалган өрттү өчүрүүгө үч саат кеткен. Жергиликтүү бийлик кырсыктын себеби иликтенип жатканын, каза болгондор жана жаракат алгандар иске ууланганын билдирди.

Associated Press (АР) агенттиги Швейцарияда бозгунда жашаган шинжаңдык уйгурдун видеосун жарыялады. Өрттө Абдулхафиз Мухаммед Эминдин  таяжеси жана анын балдары каза болгон. 

“Куткаруучулар, полиция келгенден кийин имаратка дароо кире алган эмес. Аларга толгон-токой тосмолордон ашып өтүүгө, кулпуланган эшиктерди ачууга туура келген. Жакын турган үйлөр торолгон. Алар киргиче ичиндегилер өлүп калды. Албетте, эл ачууланат”, - деген ал.

Кытай дүйнөнүн ири экономикаларынан айырмаланып, коронавирусту ооздуктоо үчүн изоляция, жапырт тест тапшыруу, район, шаарларды толугу менен айлап карантинге алуу өңдүү чаралардан баш тарта элек.

"Коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө. Ноябрдын башынан бери бир миллион 253 миң кишиге инфекция жукканы катталды. Өткөн аптада күнүнө орто эсеп менен алганда 22 миң 200дөй бейтап катталып жатты. Алдыңкы жумага караганда бул эки эсеге көп", - деп билдирген жуманын аягында Жугуштуу ооруларды алдын алуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Ху Цзянг.

26-ноябрдагы маалыматка ылайык, бир суткада Кытайда коронавирустун 34 миң 398 жаңы учуру катталды.

COVID-19 илдетин түп-тамыры менен жоюу саясаты жогоруда сөз болгон нааразылыкка гана эмес, өлкөнүн эл аралык изоляциясына, экономиканын начарлашына алып келди. Үчүнчү кварталдын жыйынтыгы көргөзгөндөй, Кытай экономикасы 3,9% өстү. Бул алдыдагы үч айга караганда жакшы болгону менен 5,5%  деген максаттан алыс. Адистер акыркы 30 жылдан бери экономиканын темпи ушунча төмөн болбогонун белгилеп жатышат.





Губернаторы России
Москва

Собянин: Более 40 театров отреставрировали и отремонтировали в Москве за 10 лет





Москва

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о строительстве электродепо «Южное» для Замоскворецкой линии



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Юрий Лоза объяснил, почему Чулпан Хаматова критикует Россию




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Вокруг парка на электромобиле: что будет доступно напрокат в Москве

"Зенит" потерпел второе поражение подряд в РПЛ

ЦСКА проиграл «Балтике» в гостевом матче 26-го тура РПЛ


WTA

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России