Анталияда ишкерлик кылган журтташтар
Чет өлкөлүктөр Түркиянын Стамбул шаарынан кийин эле Анталиядан турак жай сатып алууга ашыгышат. Жыл башынан бери бул шаардан чет өлкөлүк 10 миңге жакын адам үйлүү болду. Түркиядагы чет элдиктер менен иштеген риэлторлор, туристтерге кызмат көрсөткөн ишкерлердин арасында кыргызстандыктар көп.