Өзбекстан январь окуяларына айыпталган жарандан улам Казакстанга нота жөнөттү
Өзбекстандын Алматыдагы башкы консулу январь окуяларына айыпталган өзбек жараны Сакен Талиповдун кармалышына байланыштуу Казакстанга нота жөнөттү. 17 жаштагы Талипов былтыр күзүндө Казакстанга апасына барып, Алматы шаарындагы турак жай комплексинде түнкү кароолчу болуп иштей баштаган. Жакындарынын айтымында, ал 4-январда тынч митингге барып, башкалар менен кошо акимчиликтин имаратына чейин жеткен. Видеодо ал полициянын союлун жана калканын жерден көтөрүп алганы көрүнүп турат. Февралдын башында Талиповду адегенде эки айга кармашкан. Читать дальше...