ӨКМ: Чаткалда кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши уланууда
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылында кар көчкү астында калган мал-жандыкты чыгаруу иши бүгүн, 13-мартта да уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 12-мартта көлөмү 1 миллион куб метрлик кар көчкү үч сарайды ичиндеги мал-жандыгы менен кошо басып калган. Кырсыктын кесепетинен айыл тургундарына таандык 156 кой, алты жылкы жана "Одиссей" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кар астында калган. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Синоптиктер... Читать дальше...