Next TV телеканалынын соту 28-мартка белгиленди
Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта Next TV жарыялаган маалыматты экстремисттик деп таануу тууралуу прокуратуранын арызын карады. Кийинки жараян 28-мартка белгиленгенин телеканалдын ээси, саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, прокуратуранын сотко кайрылышы боюнча маалымат тараптарга чукул түрдө айтылган. Бир эле мезгилде шаардык сотто телеканалдын директору Таалай Дүйшембиевдин бөгөт чарасы да каралгандыктан, жараянга өз убагында жетишүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Читать дальше...