Орусияда Навальныйды колдогон жүзгө жакын полиция кызматкери иштен алынганы айтылды
Орусиядагы саясий коррупция тууралуу айтып, бийликти кескин сындап келе жаткан саясатчы Алексей Навальныйдын долбоорлорун колдогону үчүн соңку үч айда кеминде жүздөй полиция кызматкери жумуштан алынганын 23-мартта “Свобода” радиосу “Би-Би-Синин” иликтөөсүнө таянып жазды. Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарга таянган маалыматка караганда, Волгоградда саясий негизге 17 кызматкер иштен алынды. Ушундай эле себеп менен жумушунан ажырагандар Ярослав облусунда 30, Пермде 22, Томск облусунда 30 жана Калуга... Читать дальше...