Кыргыз-тажик делегациясы чек арага кошумча күч тартпоону макулдашты
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына кошумча куралдуу күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Баткен облустук бийлиги билдирди. Маалыматка караганда, 12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Читать дальше...