Түркмөнстан: каш-кирпик чаптоого каршы чара
Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин сырткы келбетине көзөмөлдү күчөтүүдө. Көчөлөрдө, сулуулук салондорунда жана жогорку окуу жайларында гана эмес, мамлекеттик мекемелерде да түркмөн аялынын "туура образы" тыкыр текшерилип жатканы айтылууда. “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, өткөн аптадагы текшерүүдө мугалимдер, билим берүү кызматкерлери жана медик аялдар жеңи узун көйнөк кийип, жоолук салынып жүрүүгө милдеттендирилди. "Мугалим, тарбиячы жана медицина кызматкерлери сары чачын карага боёшу керек. Читать дальше...