Садыр Жапаров: чек ара көйгөйүн чечүүдө кылдаттык жана сабырдуулук керек
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы былтыр 28-апрелде башталган куралдуу жаңжалдын бир жылдыгына карата анда курман болгондорду эскерип кайрылуу жасады. Анда бул күндөр өлкөнүн эгемен тарыхында эң кайгылуу, оор күндөр катары элдин эсинде калганын белгиледи. Жаңжалда мерт болгондордун жакындарына, жараат алып, жабыркагандарга коомчулук, мамлекет колунан келген жардамын бергенин жазды. Ошондой эле Баткен оболусунун өзгөчө макамына ылайык, аймакты ар тараптуу өнүктүрүү үчүн атайын план-программалар даярдалганына токтолду. Читать дальше...