Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 29.04.2022

Орусияда кыргызстандык келин ири суммада акча таап алууга шек саналууда

Azattyk.org 

Орусиянын Новосибирск шаарында 45 жаштагы кыргызстандык Айнагүл Борбиева 7 млн. рубль таап алган деп шек саналууда. Ал 2021-жылдын ноябрь айынан бери убактылуу тергөө абагында жатат. Адвокаты Абдулазиз Бадалбаевдин "Азаттыкка" айтымында, кыргызстандык келин шылуундардын торуна илинип калган. "Ал келин эртең менен жумушка кетип жатканда сумканы таап алган. Сумканы атайын камеранын жанына таштап коюшкан экен. Сумка бош болгон, ичинде эч кандай акча болгон эмес. Кийин көзмө көз жолукканда (акчаны... Читать дальше...

"Ресторан салалы". Ала-Арчага сук арткан сунуштар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачуу сунушу сынга кабылды. Бирок ал сөзүнүн мааниси элге бурмаланып жеткенин айтууда. 17 миңдей гектарды ээлеген Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүү сунушу 22-апрелде парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында айтылды. Келерки жылдын туристтик сезонуна даярдыкты талкуулап жатып депутат Элдар Сулайманов паркты трансформациялоону сунуш кылды. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

30-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Читать дальше...



Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү киргүзүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Мындай билдирүүнү ал 29-апрелде Казакстан эл ассамблеясынын кезектеги сессиясында жасады. Ал Казакстанда соңку ирет референдум 1995-жылы өткөнүн, анда азыркы баш мыйзам бекитилгенин белгиледи. "Андан соң "республикалык референдум" тууралуу конституциялык мыйзам кабыл алынган. Бирок ал бир да жолу колдонулган эмес. Буга карабай баш мыйзамга төрт жолу өзгөртүү киргизилген",-деди Токаев. Читать дальше...

Бишкектеги “Рухий Мурас” конушундагы мектептин курулушу башталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Өлкө башчысы 2005-жылы негизделген бул конушта төрөлгөн балдар быйыл 17ге чыкканын, алардын баары шаардын ар кайсы жерине барып окуганга аргасыз болгонун белгиледи. Президент бүгүнкү күндө конушта 7 миңге чукул адам жашарын, учурда мында орто эсеп менен 1350 орундуу мектепке муктаждык бар экенин айтты. Читать дальше...

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган окуучу милициянын каттоосуна алынды

Azattyk.org 

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган 4-класстын окуучусунун үстүнөн дагы  бир арыз түштү. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.  28-апрелде кайрылган ата-эне алардын кызы Ю.С. шаардагы мектептердин бириндеги ажатканада сабалганын билдирген. Алар буга 2011-жылы туулган Ч.А. аттуу окуучуну айыптаган. Аталган факт Октябрь РИИБинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.  Милициянын маалыматында окуучуларга кол көтөргөн кыз алты айлык профилактикалык каттоого (учет) алынды. Читать дальше...

Бишкектин 144 жылдыгы белгиленип жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаары өзүнүн 144 жылдыгын белгилеп жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров шаар тургундарына куттуктоо жолдоду.  Куттуктоодо "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында борборго быйыл 40 миңге жакын көчөт отургузулганы, борбор калаанын экологиясын жакшыртуу максатында газ менен жүрө турган автобустар алып келинери, "Акылдуу Бишкек" - "Келечек - 2030" концепцияларынын долбоорлору даярдалганы айтылган.  Билим берүү мектептериндеги окуу процесинде санариптик технологияларды... Читать дальше...

Кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга арналган коомдук талкуу өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңеште кесиптик билим берүү жайларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу максатында айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Демилгечилер Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элдар Сулайманов баштаган эл өкүлдөрү. Жыйында кесиптик лицейлер кызмат көрсөтүү аркылуу акча каражатын табууга учурда мыйзам жол бербей турганы айтылды. Бюджеттен 1,2 млрд. сом бөлүнгөн 99 кесиптик лицейде 30 миң студент окуйт. Билим берүү жана илим... Читать дальше...



Президент Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолукту

Azattyk.org 

Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова баштаган укук коргоочулар президент Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, Жапаров менен жолугушууну жарандык коомдун өкүлдөрү демилгелеген. Жолугушууда сөз эркиндиги, айрым журналисттерге карата кысым жана адам укуктары тууралуу сөз болгон. Укук коргоочулар президентке сунуштардын тизмесин берип, мындан ары да биргелешип иштөө ниетин билдиришкен. Президенттин басма сөз... Читать дальше...

Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду (видео)

Azattyk.org 

Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө бүгүн, 29-апрелде белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты. "Азаттык" радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Читать дальше...

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушу башталды

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Өлкө башчысы чогулгандар жана балбандар алдында сөз сүйлөп, кыз-келиндер үчүн оңойго турбаган спорттун бул түрүнөн ийгиликке жетишкен кыргыз кыздарынын ысымы эч качан унутулбай турганын айтты. Президент 20 жыл ичинде кыргыздын балбан кыздары көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин белгиледи. Читать дальше...

“Байрактар": Анкарага бизнес, Борбор Азияга баш оору

Azattyk.org 

Түркия "Байрактар TБ2" дрондорун эми Тажикстанга сата турганы боюнча кабар Кыргызстанда кызуу талкууга түштү. Буга тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевдин Жогорку Кеңеште аны кыйыр түрдө ырастаганы негиз берди. Аны бейрасмий маалыматты жайылтканы үчүн сындагандар болду. Бирок бул тастыкталса, чек арада күчтөрдүн тең салмагын бузуп, аскердик чатак ырбаса, ал кыргыз-түрк мамилесин бузуп, түрк дүйнөсүнүн ынтымагын ыдыратышы ыктымал деген божомолдор айтылууда. Жогорку Кеңештин... Читать дальше...

Бишкектеги айып короодо турган төрт автоунаа күйүп кетти

Azattyk.org 

Бишкектеги Ч.Валиханов көчөсүндө жайгашкан жол коопсуздугунун эрежелерин бузган автоунаалар токтоп турган короодо турган төрт жеңил машине күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, короодогу “Ауди-80” жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. “Хонда Аккорд” жана “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунаалардын бир бөлүгүн от чалган. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган эмес. Аталган мекеме өрттүн себеби такталып жатканын билдирди. Читать дальше...

“Ырда калат тайыздыгым, тереңим...”. Зайырбек акынды эскерүү

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө эки жылдын жүзү болду. Ал 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында капилет кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Акындын замандаштары анын ырларын окуп эскеришет.

Өкмөт ички авиакаттамдардын санын көбөйтүүнү көздөөдө

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча программанын долбоорун даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жыйында жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлө турганы айтылды. Кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана... Читать дальше...

Муфтият: Айт намаз эски аянтта окулат

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окула турганын билдирип, анын программасын жарыялады. Ага ылайык, 6:00дөн баштап дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылып, намаз 07:30да окулат. Буга чейин эки жылдан бери бул жерде жапырт намаз окууга уруксат берилбей келген. Бишкек мэриясы Бишкектеги эски аянт Орозо айтка байланыштуу оңдолуп жатканын кабарлаган. Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта... Читать дальше...

Казакстан орусиялык "Спутник V" вакцинасын чыгарууну токтотту

Azattyk.org 

Караганды фармацевтикалык заводу Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын чыгарууну токтотту. Бул тууралуу 28-апрелде Казакстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Анын айтымында, Казакстандын кампасында COVID-19 вакцинасынын 4 миллиондон ашык дозасы бар жана бул көлөм "эмдөө жана ревакцинация үчүн жетиштүү", - деп белгиледи Есмагамбетова. Башкы санитардык дарыгер азырынча вакциналар кошумча чыгарылып, сатылып алынбай турганын белгиледи. Читать дальше...



Москва

Представители народов Чувашии почтили память погибших в годы Великой Отечественной войны


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин принял участие в параде Победы на Красной площади



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Умер продюсер альбомов Nirvana, Pixies и PJ Harvey Стив Альбини




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Парад победы в Москве завершился пролетом авиации


WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Пентагоне назвали безответственным проведение Россией ядерных учений



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России