Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 06.07.2022

"Дордойдогу" өрт: зыян тарткан соодагерлер жардам сурады

Azattyk.org 

"Дордой" базарында 5-июлда түшкө жуук катталган өрттөн 42 контейнер жана тогуз күркө күйүп кетти.   Айрым соодагерлер бардык төлөмдөрдү төлөп келишкенин, базар жетекчилиги кенемте төлөп бериши керектигин айтып жатышат. Азырынча чыгымдар үчүн кандай жардам болору айтыла элек.  5-июль күнү "Дордой" базарында тутанган өрттөн Мээрбек Раимбековдун үч контейнери товарлары менен кошо толук күйүп кеткен. Өрт заматта тутанып кеткенин, өздөрү качып чыгууга араң үлгүргөнүн айтат: "Эки контейнерим жанаша, дагы бири бет маңдайда жайгашкан болчу. Читать дальше...

Доллар тартыштыгынын себеби эмнеде?

Azattyk.org 

Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырып, накталай долларлар Орусияга чыгарылып жатканын билдирип келет.

Базарбеков туура эмес чечим чыгарган судьялар көп экенин айтты

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өспүрүмдөргө жасалган кылмыштар боюнча туура эмес чечимдер көп болуп жатканын дагы бир жолу эскертти. Базарбеков 6-июлда Чүй облусунда соттор менен жолугушуу учурунда, айрым судьялардын кемчилигине токтолду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Базарбековдун айтымында, айрым судьялар өспүрүмдөргө жасалган кылмыш иштерин кароодо, мыйзам бузуу менен өзгөчө оор кылмыштарды, анча оор эмес кылмыштарга квалификациялап, айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберген учурлары көп. Читать дальше...



Кара-Кече кенинде топурак көчтү

Azattyk.org 

Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде 2-июлда топурак көчкөнү белгилүү болду. Бул тууралуу маалыматты "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы ырастады. "Кара-Кечеде көчкү жүрдү, адам кырсыгы болгон жок, болжолдуу маалыматтар боюнча 30-40 мин куб топурак көчтү. Техниканы топурак басып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт". Ишкананын билдирүүсүндө, учурда иш штаттык режимде уланып, көмүр казуу жүрүп жатат. Окуя болгон аймакта жумуш жүргөн эмес. Акыркы жылдары Кара-Кече кенинде эки жолу жер көчкөн. Читать дальше...

“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси милицияга сурак берип чыкты

Azattyk.org 

5-июлда “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыкты. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн. Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов суракта azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип... Читать дальше...

Даниярга даңк алып келген "Саманчынын жолу"

Azattyk.org 

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.  ... Читать дальше...

Министр Иманов "Азаттыктын" иликтөөсү тууралуу жооп берди

Azattyk.org 

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деп аталган иликтөө боюнча “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде жооп берген. Иманов тергөөдө суралганын, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш токтотулганын билдирген. "Кыскача айтканда “Уландын” кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши болгон. Ал иш боюнча мен суралгам. Кийин кылмыштын курамы жок болгондуктан мага карата иш токтотулган", - деп жооп берген Иманов.... Читать дальше...

Пакистандагы суу ташкында кеминде 18 киши каза болду

Azattyk.org 

Пакистандын Балучистан аймагында катуу нөшөр жаандан кийинки ташкын бери дегенде 18 кишинин өмүрүн кыйды, бир тобу жараланды. 6-июлда жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы Кветта шаарында чукул кырдаал жарыялады. Ал жерде кеминде тогуз киши каза болду. Балучистандын алыскы райондорунда көп киши дайынсыз болуп жаткандыктан, курмандыктар мындан көп болушу мүмкүн деген коркунуч бар. Жаан-чачын 4-июлда башталып, азыркыга чейин токтобой жатат. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Насир Ахмед Насардын айтымында... Читать дальше...



Каракалпакстанда кармалгандардын айрымдарын башка облустарга алып кетишти

Azattyk.org 

Каракалпакстандагы башаламандыктарга тиешеси бар деген шек менен кармалгандардын бир бөлүгү Өзбекстандын Хорезм жана Бухара облустарындагы тергөө абактарына алынып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү журналистке шилтеме берүү менен “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады. Журналист автономдуу жумурияттын укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, кармалгандар нааразылык митингдерин уюштурган деп шек саналып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, 10-15 күнгө камалгандар Каракалпакстандын өзүндө кармалууда. Читать дальше...

УКМК “Хизб ут-Тахрир” уюмунун алты мүчөсү соттолгонун билдирди

Azattyk.org 

Баткендин Кызыл-Кыя шаардык соту 5-июлда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү деген айып менен алты кишини 1,6 жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызматтын билдирүүсүндө алар экстремисттик уюмга тартуу, үгүттөө менен алектенишкени айтылат. Кыргызстанда уюмдун мүчөлөрүнүн так саны белгисиз. Атайын кызмат маал-маалы менен “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөлөрү кармалганы жөнүндө маалымдап келет. Читать дальше...

Өкмөт башчынын сый менен сын коштогон жолугушуусу

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда айрым журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолукту. Анда кээ бир иликтөөчү журналисттердин чакырылбай калганы, иш-чаранын форматы сынга кабылды жана берилген сый тамакты "ооз басырык" катары баалагандар болду. Өкмөттүн басма сөз кызматы "журналисттерди тандап чакырган" деген дооматты четке кагып, мындай жолугушуулар дагы уланарын айтып жатат. Өкмөт башчынын жолугушуусуна эркин журналист Эрнис Кыязов да чакырылган. Читать дальше...

Журналисттин иши: паспорт боюнча комиссия мүчөлөрү көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 6-июлда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон ишти кароо уланды. Темировдун айтымында, бүгүнкү соттук отурумда журналисттин паспорту боюнча Мамлекеттик каттоо кызматында түзүлгөн комиссия мүчөлөрү көрсөтмө берди. "Комиссиянын мүчөлөрү көрсөтмө беришти. Комиссиянын чечими жалпы жарандык паспорту шек туудурат деп чыккан экен. ID карта боюнча шек жок дешти", - деди Темиров. Журналисттин кезектеги соту кийинки аптага шейшемби күнгө белгиленди. Темировго баш-аягы төрт иш ачылып... Читать дальше...

Казакстандын Тенгиз кенинде куур жарылып, эки киши каза тапты

Azattyk.org 

Казакстандын Тенгиз кенинде куур жарылганда эки киши каза тапты, үч жумушчу жарадар болду. Бул тууралуу 6-июлда Атырау полициясы кабарлады. Маалыматка караганда, окуя шаршембиде эртең мененки саат ондо Жылыой районунда болгон. Дагы бир булактар мунай жана газ кенинде түтүктү сыноо учурунда ал атмосфералык чоң басымдан жарылып кеткенин билдиришти. Полиция иликтөө башталганын маалымдады. Жылыой району Атырау облусунда, Каспий деңизинин түндүк-чыгыш ыптасында орун алган. Ал жер жаратылыш газына жана мунайга бай. Читать дальше...

Муфтият имамдын аялзат тууралуу айткандарын териштирет

Azattyk.org 

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө турганын кабарлады. “Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас ажы Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодогу сөздөр кандай максатта айтылгандыгын териштирет”, - деп белгиленген билдирүүдө. 6-июлда бир катар жергиликтүү басылмалар диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосун жарыялашкан. Читать дальше...

Сузакта топурак карьерин иштетүүгө каршы митинг өттү

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында бүгүн, 6-июлда нааразылык акциясынан кийин топурак карьерин иштетүү токтотулганын айыл аймагынын башчысы Майсалбек Өмүрзаков билдирди: "Ишкер бул жерди жер ээлеринин макулдугу менен алып, топурагын казып жатканын айтууда. Ал 2017-жылы лицензия алган. Карьер боюнча бир топ жылдан бери талаш жүрүүдө. Ишкер документтерин толук бүтүргөн эмес. Эми бардык документтерин бизге алып келгенге чейин ишин токтотуп турабыз". Бүгүнкү митингге... Читать дальше...

Төө-Ашуудагы тоннел маал-маалы менен жабылып турат

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автожолунда (Төө-Ашуу) Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде күйүп кеткен электр зымдарын алмаштыруу иштеринен улам 6-июлдан 8-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. 5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп, анын эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) тоннелдин ичинде автоунаа өрттөнүп кеткени тууралуу маалымат кечки саат 16:30га чукул түшкөн. "Кыргызавтожол"... Читать дальше...

БУУ Каракалпакстандагы кан төгүүнү көз карандысыз иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Каракалпакстандагы нааразылык акциялары учурунда кеминде 18 кишинин каза тапканын көз карандысыз иликтөөгө чакырды. "Нааразылык митингдери учурунда адам өлүмү менен коштолгон олуттуу зордук-зомбулук тууралуу кабарлар бизди абдан тынчсыздандырат. Бийликти мүмкүн болушунча карманууга чакырам", - деп айтылат 5-июлдагы билдирүүдө. Бачелет ачык, көз карандысыз иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка жол берилгени, анын ичинде мамлекет өкүлдөрү тарабынан... Читать дальше...

“Манас айылын” жаңылоо сынагына 14 архитектуралык долбоор сунушталды

Azattyk.org 

“Манас айылын” реконструкциялоонун мыкты эскизине жарыяланган ачык архитектуралык сынакка долбоорлорду кабыл алуу аяктаганын 6-июлда «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, сынакка 14 долбоор сунуш кылынды. Аларды каалоочулар «Бишкекбашкыархитектура» мекемесинде уюштурулган ачык көргөзмөдөн көрө алышат. 6-июнда жарыяланган сынакка түшкөн архитектуралык долбоорлор боюнча коомдук талкуу эки күн уланып, калыстар тобунун бүтүмү 8-июлда чыгарылат. Президент... Читать дальше...

Зордуктоого шектүү милиционерлерди жоопко тартуу талабы коюлган акция өттү

Azattyk.org 

13 жаштагы кыздын зордукталышына күнөөлүүлөрдү жазага тартуу талабы коюлган акция бүгүн 6-июлда Өкмөт үйүнүн алдында өттү. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке бул маселеге президенттин жана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максаты менен чыкканын айтып, кылмышка шектелип жаткан милиция кызматкерлерин өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу керек деген пикирин билдирди: “Бул эмне деген тамтык, эмне деген трагедия! Кылмышкерлерди аныктап, жоопко тартууну талап кылабыз”. 2-июлда “Азаттык”... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

«Это будет для вас сюрприз и фурор!»: Анастасия Волочкова взяла с собой на Мальдивы свадебное платье





Rss.plus
Николай Патрушев

Патрушев заявил, что нелегальная миграция связана с угрозами терроризма




Загадайте желание. 5 легендарных мест в Москве, где исполняются мечты

«Автомобили-утопленники» из зон паводков начинают «всплывать» в регионах России

Силовики задержали вместе с 12-м фигурантом дела «Крокуса» Курбоновым его брата

"Наступление сетей": томский эксперт о трендах общепита




Назарбаевдердин арааны: жайлоодогу хан сарайлар

Azattyk.org 

Ордо калаадагы мурдагы мамлекеттик резиденциялар жана Ала-Тоодогу Үч-Коңур жайлоосундагы миңдеген гектар жайыт Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин менчигине өткөн. Нур-Султандагы жасалма аралда тургузулган айрым “хан сарайлар” экс-президенттин уулдарына, башкалары кыздары менен күйөө балдарына таандык. “Азаттыктын” казак кызматынын жаңы иликтөөсүндө экс-президенттин ээлигиндеги миллиондук дагы башка мүлктөр көрсөтүлөт. Мамлекеттик үгүтчүлөр “Нурсултан Назарбаев — Казакстандын ордо калаасынын башкы архитектору” дешет. Читать дальше...

Жайлоодогу резиденция: Жекеге өткөн Үч-Коңур

Azattyk.org 

Ордо калаадагы мурдагы мамлекеттик резиденциялар жана Ала-Тоодогу Үч-Коңур жайлоосундагы миңдеген гектар жайыт мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин менчигине өттү.

Жапаровдун журналисттер менен жолугушуусу боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 5-июлда журналисттер менен өткөргөн жолугушуусу боюнча “Азаттыкка” маалымат берди. Анда “Журналисттерден, блогерлерден, коомдук активисттерден Акылбек Жапаровдон интервью алууга, кабылдамасында болууга сунуштар арбын келет. Мына ошондуктан 5-июлда Акылбек Жапаровдун катышуусунда медиа тармактын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду. Министрлер кабинетинин башчысы менен жолугушуу акыркысы эмес жана алдыда дагы уюштурулат” деп айтылды. Читать дальше...

"Саясаттын айынан артта калдык". Өкмөт электрондук сооданы эстеди

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Электрондук соода жөнүндө» мыйзам 28-июнда күчүнө кирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте мамлекет ички саясий күрөштөрдөн улам электрондук соода жаатында артта калып жатканын билдирди. Кыргызстандыктар онлайн соода аянтчаларын кантип колдонуп жатышат жана өкмөт ал жактагы ишкердикти жөнгө салууда кандай иш-аракеттерди көрүүдө? Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 29-июнда парламент депутаттарына жарым жылдык ишмердиги тууралуу маалымат берип... Читать дальше...

"Кумтөргө" беш чакырым аралыкты көзөмөлдөөчү жабдык сатылып алынды

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенине алыскы аралыктан көзөмөл жүргүзүп туруучу атайын жабдык сатылып алынганын 6-июлда "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына бул тууралуу видео менен коштолгон пост жарыялап, “Жакында эле эң акыркы үлгүдөгү эки радар сатып алдык. Италиялык өндүрүштөн чыгарылган IDS GEO радары беш чакырым алыстыктагы 0,01 ммге чейинки кыймыл боюнча алдын ала маалымат бере алат” деди. 2019-жылы 1-декабрда Кумтөр кениндеги Лысый өрөөнүндө жер көчүп... Читать дальше...

ӨКМ: “Дордойдогу” өрт 42 контейнерди жарактан чыгарды

Azattyk.org 

“Дордой” базарындагы өрт 42 контейнерди жана тогуз күркөнү каптаганын 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “кытай катары” деп аталган катарда металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө (павильон) күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланганы кабарланды. Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Новак Джокович

Шикарный и практичный стиль Елены Джокович из базовых вещей



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Українські новини

Рушникосушки від Hygge Family: європейські стандарти якості на українському ринку



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России