Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 29.07.2022

“Центерра Голд” Кыргызстандын компаниядагы акцияларын биротоло жойду

Azattyk.org 

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандын өкмөтү жана “Кыргызалтын” ишканасы менен болгон мурда жарыяланган макулдашуу толук аяктаганын ырастап, өзү Кумтөр кенинен толук чыгып кеткенин жана Бишкектин “Центеррадагы” укугун токтотконун маалымдады. Компания келишимдин натыйжасында “Кыргызалтындын” 77 401 766 катардагы акциясына ээлик кылып, аны жойгонун билдирди. “Центерра Голд” муну үчүн Кумтөрдөгү өзүнө караштуу “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканалары толугу менен... Читать дальше...

Орусиядагы кыргыз жарандары арасындагы кылмыштуулук көйгөйү талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар арасында кылмыштуулук көбөйгөнүн талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйын Москвадагы кыргыз диаспорасынын демилгеси менен уюштурулганын элчиликтен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, 27-июлда өткөн жыйында элчиликтин жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери быйылкы жылдын биринчи жарымында аткарган иши боюнча кыскача маалымат беришти, кыргыз жарандарынын бул өлкөдө легалдуу жүрүшүнө... Читать дальше...

Киши колдуу болгон кыздын жакындары өкүмгө нааразы

Azattyk.org 

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады. Москвадагы хостелде чыккан өрттөн сегиз мигрант каза болду. Ошто киши колдуу болгон кыздын жакындары соттун чечимине нааразы.



Кытайдын башкы дипломаты Бишкекке расмий сапар менен келди

Azattyk.org 

Бүгүн 29-июлда Бишкекке расмий сапар менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, коңшу өлкөнүн башкы дипломаты кыргыз тараптын чакыруусу боюнча келди, Бишкекте анын катышуусу менен бир катар иш-чаралар, жолугушуулар өтөт. Ван И Борбор Азияга сапарынын алкагында бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Быйыл январда Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы... Читать дальше...

Милиция көл жээгиндеги мыйзамсыз бууканалар боюнча рейд өткөрдү

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы көл жээгинде суу үстүнө буукана орнотуп алган үч пансионат боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын 29-июлда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери атайын рейд жүргүзүп, Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Ямайка» пансионаты көл жээгине буукана орнотконун аныкташкан. Көлдүн үстүнө орнотулган ушундай эле бууканалар “Costa-Brava” жана “Радуга” пансионаттарынан да аныкталган. “Аталган... Читать дальше...

"Кумтөрдү" Кыргызстанга өткөрүү жараяны аяктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин администрациясы "Кумтөрдү" өткөрүп берүү жараяны биротоло аяктаганын билдирди. Анда Кыргызстандын Британиядагы элчилигинде 29-июлда документтерди алмашуу болгонун, бардык финансылык төлөмдөр расмий Бишкектин пайдасына жүргүзүлгөнү айтылат. Айрым байкоочулар болсо кен менен кошо экологиялык бир катар маселелер кошо өткөнүн, эми ачык-айкындуулукка көңүл бурулушу зарылдыгын белгилеп жатышат. Кумтөрдү өткөрүп алуу жараяны аяктаганы тууралуу Кыргызстандын Британиядагы... Читать дальше...

"Сарыкол" - Памирдеги кыргыз гезити

Azattyk.org 

Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.   Аалам чокусу деп аталып калган Памирдин асман мелжиген бийик тоолорунун арасынан орун алган Мургаб районунда төрөлүп өскөн акын, Тажикстан Журналисттер кошуунунун мүчөсү Султан Парманов менен "Советтик Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинде иштеп жүргөн жылдары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун курамындагы улутташтарыбыз мекендеген... Читать дальше...

"Үйдөн же акчадан жок". Кооперативдин арабөк калган кардарлары

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, акыркы айларда бир катар турак жай кооперативдерине кылмыш иштери козголду. “Ихсан”, “Биринчи курулуш”, S-Line кооперативдеринин айрым жетекчилери “алдамчылыкка” жана “ишенип тапшырган мүлктү ыйгарып алууга, коротууга” шек саналып, камакка алынды. Алар 18 миллион сомдон 121,3 миллион сомго чейин зыян келтирген деп шектелүүдө. Жүздөгөн кардарлар төлөгөн каражатын же турак жайын ала албай, арабөк калууда. Миңдеген адамдардын ишенимине кирген кооперативдер эмнеге кыйрады? Читать дальше...



Кыргызстан “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстан “Кумтөрдү” өзүнө өткөрүп алуу процесси биротоло аяктаганын жарыялады. Президенттик администрациядан билдиришкендей, бүгүн, 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү. Маалыматта айтылгандай, тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда элчи Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани”... Читать дальше...

Иранда бир күндө үч аял дарга асылды

Azattyk.org 

Иранда ушул аптанын шаршемби күнү үч аял дарга асуу жолу менен жазага тартылганын бул өлкөдөгү адам укугун коргогон уюм кабарлады.  Аялдардын баары күйөөсүн өлтүрүүгө айыптуу деп табылган, бирөө жашы жете элек кезде турмушка чыккан.  Узап бараткан бир эле аптада Иранда 23 адам өлүм жазасына тартылды. 2022-жылдын башынан бери жалпы 250дөн ашык киши дарга асылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп. Адам укугун коргогон уюмдар Ирандын соттору киши өлтүрүү өзүн-өзү коргоо... Читать дальше...

Шаардык сот блогер Адилет Балтабайдын арызын кароону кийинкиге калтырды

Azattyk.org 

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин бөгөт чарасы боюнча Бишкек шаардык сотунда бүгүнкү 29-июлга пландалган сот отуруму болгон жок. Буга ал залда башка иш карала турганы себеп экени айтылды, бирок адвокаты зал бош турганын, башка процесс жүрүп жатканын көрбөгөнүн билдирди. Жактоочунун айтымында, райондук сотто аныкталган бөгөт чарасына каршы апелляциялык даттануу менен шаардык сотко ал бир ай мурда, активист... Читать дальше...

"Кылым шамы": Эки колунан ажыраган жоокердин сот ишине чекит коюлду

Azattyk.org 

Аскердик кызмат өтөп жүрүп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин сот ишине чекит коюлганын 28-июлда “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, соттук териштирүү үч жыл созулуп, акыры Жогорку сот мамлекет жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруп, тийиштүү өлчөмдө кенемте төлөп бериши керек деген чечим чыгарды. Абдирасулова бул ишти алып барган укук коргоочу Азиза Абдирасуловага жана адвокат Агзам Дүйшөналиевге ыраазычылыгын билдирди. Читать дальше...

АКШ Пригожиндин “троллдор фабрикасы” жөнүндө маалыматтарга 10 млн. доллар сыйлык жарыялады

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттардагы шайлоолорго сырттан кийлигишүү жөнүндө маалыматтарды бергендерге 10 млн. доллар сыйлык жарыялады. Мындай кийлигишүүгө мурдараак орусиялык бийликтер жана алар менен байланышкан адамдар менен компаниялар айыпталган. Мамдепартаменттин сайтында АКШга орус ишкери Евгений Пригожин жана “троллдор фабрикасы” деп аталган анын Интернет-изилдөөлөр агенттиги тууралуу маалымат керек экени жазылган. Пригожин 2016-жылы америкадагы президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыпталып, издөө жарыяланган. Читать дальше...

ТИМ: Москвада өрттөн каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок

Azattyk.org 

Москвада өрт кырсыгынан каза болгон жана жараат алган мигранттардын арасында, баштапкы маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу 29-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы элчиликтин маалыматына таянып билдирди. Өрт 29-июлга караган түнү Москванын түштүгүндөгү көчөлөрдүн бириндеги хостелде тутанган. Каза болгондор сегиз адам экени, 200дөй адам эвакуация болгону, Орусиянын тийиштүү мекемелери териштирүү жүргүзүп жатышканы, элчиликтин кызматкерлери да ошол жерде болуп жатышканы айтылды. Читать дальше...

ККМ колдонгондор көбөйүп, салык 6 миллиард сомго көп чогулду

Azattyk.org 

Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонгон ишкерлер соңку бир жылда дээрлик 2,5 эсе көбөйдү. Бүгүн 29-июлда "Азаттык" радиосуна Салык кызматынын басма сөз өкүлү Эркин Сазыков билдиргендей, учурда ККМ колдонгон субъекттердин саны 50 миңден ашты: "Азыр 52 миңден ашык ККМ колдонулуп жатат. Бизде былтыр сентябрда болгону 21 миң аппарат колдонулуп жаткан болчу. Мунун натыйжасында салык чогултуу дагы көбөйдү. Беш айдын жыйынтыгын ала турган болсок, 73,6 миллиард сом чогулттук, бул былтыркы... Читать дальше...

Майлуу-Суу: 13 жаштагы кыз төрт күндөн бери дайынсыз болууда

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын 13 жаштагы тургуну изделип жатканын анын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу билдиришти. 29-июлда жарыяланган маалыматта айтылгандай, өспүрүм кыз 25-июлда курбу кызынын үйүнө барып келерин айтып, суранып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Эки күндөн кийин ал чоочун номурдан телефон чалып, үйгө эртең барарын айткан, өзүнүн телефону өчүк болууда. Ата-энеси чоочун номурга кайра чалганда ал Бишкектеги мейманканалардын биринин администраторуна таандык болуп чыкты. Читать дальше...

Абак кайтарган жоокер каза болду

Azattyk.org 

№27 колонияны кайтарган катардагы аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ал өзүн өзү аткан деп билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 29-июлда эртең менен саат 08:30 чамасында болгон. “№27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндө катардагы жоокер А.К.С. өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарып, натыйжада алган жараатынан ошол жерден каза болгон”. Бул абак Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан. Окуянын чоо-жайын Аскер прокуратурасы териштирип жатат. Читать дальше...

Сотко алынып келинген блогер Адилет Балтабай күнөөсү жоктугун айтты

Azattyk.org 

Бүгүн - 29-июлда Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен таанымал жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин соттук иши башталып, процесс бирок саат 15:00ге жылдырылды. Сотко алынып келинген Адилет Балтабай "Азаттыкка" берген интервьюсунда ага тагылып жаткан айыптарга макул эместигин, эч кандай мыйзамды бузбаганын жана эч бир күнөөсү жоктугун айтты. "Мага "бийликке баш ийбөөгө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү" деген айып коюп жатышат. Мен кайсы жерде Садыр Жапаровго... Читать дальше...

30-июлга аба ырайы: айрым аймактарда нөшөрлүү жаан жаайт

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү 2022-жылдын 29-31-июлунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу аба ырайын аныктоочу мамлекеттик ишканадан билдиришти. Маалыматка караганда Ысык-Көл облусунун дарыяларында анын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин, жайылма жерлерди суу каптап, жууп кетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17...22... Читать дальше...


Музыкальные новости
Вольфганг Амадей Моцарт

Моцарт в рок-формате: ставропольские музыканты представили свою версию известного мюзикла





Rss.plus
Выставка

Выставка работ победителей фотоконкурса «Созвездия "Семья"»




Музей Победы запустил масштабный проект семейного отдыха

СК РФ просит арестовать 12-го фигуранта дела о теракте в «Крокусе»

Концентрация песка в городском воздухе возвращается к обычным значениям

ЕС призвал Россию отменить решение по активам компаний Ariston и BSH Hausgeräte




Болат Назарбаевдин аянычтуу абалы эмнеге ачык көрсөтүлдү?

Azattyk.org 

Казакстандын бийлигине жакын жалпыга маалымдоо каражаттары биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаевдин абалы оор экенин кабарлап, майыптар арабасында отурган видеосун жарыялады. Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакындары жана алардын байлыктары тууралуу суроолор көбөйүп жаткан. Айрым талдоочулар ушунун фонунда Болат Назарбаевдин жакындары ага коомчулукта аёо сезимдерин козгоп, жоопкерчиликтен качууга аракет жатканын билдирүүдө. Дубайдабы же Казакстанга келдиби? Читать дальше...

Киреше бербеген мамлекеттик ишканалар жоюлат

Azattyk.org 

Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди. Бакиров 28-июлда, жарым жылдык иштин жыйынтыгы чыгарылган жыйында сүйлөп жатып, айыл чарба тармагындагы майда чарбаларды ирилештирүү каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекеттик 24 ишкана чыгаша менен күн көрүп жатат жана алар андан чыгуу боюнча жетиштүү иш жүргүзгөн эмес. Маалыматка караганда, жоюла турган ишканалардын катарында "Стройзим" жана "Ателье" бар. Читать дальше...

Москвада өрттөн сегиз мигрант каза тапты

Azattyk.org 

28-июлдан жыйырма тогузуна оогон түнү Москва шаарынын Алматы көчөсүндөгү хостелде чыккан өрттөн 8 адам каза тапты. ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, саат 23:47де түшкөн маалыматка ылайык жатакананын биринчи кабатындагы бөлмөдөн чыккан өрттөн 100 чарчы метрдей аянт жабыркаган. Маалыматтар боюнча каза тапкандардын баары мигранттар, азыр алардын жарандыгы аныкталууда. Бир адам өрттөн куткарылып, дагы эки жүздөй адам имараттан тышка чыгарылган. Өрт 00:47де өчүрүлгөн. Каза тапкандардын баары бир бөлмөдө жаткан жана алар өрттүн исине ууккан. Читать дальше...

Коркутууга кабылып, жоголуп жаткан 16 жаштагы кыз Ноокаттан табылды

Azattyk.org 

14-июндан бери дайынсыз болуп жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну - 16 жаштагы кыз Ноокат районунан табылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча 26-июлда интернетте белгисиз эки адам жашы болжол менен 15-16 жаштагы кызды коркутуп, он миң сом акчаны кайда коротконун сурап, кызга кол көтөрүп жаткан видео тараган. Териштирип, иликтөөлөр аркасында видеодогу кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталды. Кыздын өз үйүнө барып сураганда апасы 14-июнь күнү 05.00 чамасында 2005-жылы... Читать дальше...

Аксы: эки түрлүү самын жасаган Маматусуп

Azattyk.org 

Маматусуп Эргешбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашайт. Орусияда миграцияда жүргөн жигит, ненец улутундагы кызга үйлөнгөн. Мекенине кайтып келгенде чакан бизнес кылууну пландап, өзү жашаган Таш-Жар айылында самын чыгара турган чакан цехти ишке киргизди.

Ат-Башыда ромашка эгип, дары жасаган аялдар

Azattyk.org 

Ат-Башыда аз камсыз болгон 700 аял БУУнун долбоору менен ромашка өстүрүп жатат. Гүлдү аймакта жайгашкан "Дордой дары" ишканасы сатып алып, эфир майын өндүрүп, продукцияны Жапонияга экспорттоо аракети жүрүп жатат.



Москва

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Валерий Гергиев

Валерий Гергиев — о судьбе театров после объединения Мариинки и Большого




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России