АКШ президенти Жо Байден коронавирус жугузуп алды
АКШнын президенти Жо Байдендин COVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ак үй кабарлады. Байден обочолонуу режимине өттү. Ал буга чейин эки жолу вакцина алган, учурда оорунун белгилери жеңил өтүп жатканы айтылды. Кызматкерлер менен телефондон байланышып, кызматын аткарууну улантып жатат. Алдын ала белгиленген жолугушууларга видео аркылуу байланышка чыгууда. Президент тапшырган тесттен коронавирустун терс жыйынтыгы чыккан учурда кадимки режимге кайтып келет. Байден 13-июлдан 16-июлга чейин Жакынкы Чыгышта иш сапарда болгон. Читать дальше...