Аба ырайы: күн ысыйт
Кыргызгидромет 25-июлга чейин Кыргызстандын аймагында ченемден тышкары ысык жана кургак аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Абанын күндүзгү табы Чүй өрөөнүндө 41°, Таласта 39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 42º чейин ысыйт. Кыргызгидромет аптаптуу күндөрү ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Эртең, 24-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши мүмкүн. Читать дальше...