Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 17.07.2022

"Талибан" Тажикстан менен Өзбекстанга ракета атты деген топту кармады

Azattyk.org 

"Талибан" өкмөтү Ооганстандын аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган деп айыпталган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын жарыялады. Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид ишемби күнү Твиттер аркылуу билдиргендей, 15-июлга караган түнү "Талибандын" атайын күчтөрү Кундуз провинциясынын Канжага айылында "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин чордонун жок кылган. «Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, беш адам кармалды. Алардын автоунаалары... Читать дальше...

Хорватия Сербиянын президентин өз аймагына киргизбей койду

Azattyk.org 

Хорватия Сербиянын президенти Александр Вучичке Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда он миңдеген сербдер жана башка улуттун өкүлдөрү өлтүрүлгөн мурдагы Ясеновац концлагерине жеке сапар менен барууга уруксат берген жок. Хорват бийлиги Вучичтин сапары тууралуу бейрасмий булактардан гана билгенин, адатта мындай сапарлар эки тараптын ортосундагы расмий макулдашуунун негизинде гана ишке ашырылышы керек экенин 17-июлда билдирди. Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Грлич Радман кайсы гана өлкөнүн президенти болбосун... Читать дальше...

Испанияда аптап 360 кишинин өлүмүнө себеп болду

Azattyk.org 

Испаниянын Коомдук саламаттыкты сактоо институту өлкөдөгү адаттан тыш ысык аптап 360 адамдын өлүмүнө себеп болгонун билдирди. Маалыматка ылайык, жума күнү эң көп киши же 123 жаран ысыктан көз жумду. 8-июлдан бери Европанын түштүгүндө аномалдуу температура байкалууда. Испаниянын айрым аймактарында абанын табы 45 градуска чейин жеткен. Ысык аптап коңшу Португалияны да каптады. Бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-июлдан 13-июлга чейин ысыктан 238 адам, негизинен өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар каза болду. Читать дальше...



Сот "Дөө Чыңгыз" атка конгон Жумагуловду 7-сентябрга чейин абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкектен Биринчи май райондук соту кримчөйрөдө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү кылмыш тобунун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун бөгөт чарасын 15-июлда карады. Ага ылайык, Жумагулов 7-сентябрга чейин №21 абакта болот. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримтөбөл кармалганын 15-июлда билдирген. Атайын кызмат Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлаган жана кылмыштуу топтун мүчөсүнүн мыйзамсыз аракеттеринен... Читать дальше...

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштөн майнап чыгабы?  

Azattyk.org 

Июль айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында ок атуу менен коштолду деген окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү. Көп өтпөй коомчулукта сөз болуп жаткан "Дөө Чыңгыз" деген каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганы 15-июлда дайын болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жумагулов эки кылмышка шек саналып жатканын билдирди. Кыргызстанда криминогендик абал кандай? Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш өз деңгээлинде жүрүп жатабы?   Бийлик кылмыштуу топторду өз кызыкчылыгына... Читать дальше...

Ооган кыргыздары: өкмөттүн дымагы, коомчулуктун пикири

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Ооганстандан дагы 1,5 миңдей этникалык кыргыздарды көчүрүп келерин жарыялады. Бирок муну айрымдар тарыхый жаңылыштык катары сыпаттап жатат. Буга чейин Ооганстандан 100 чакты үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүлүп келип, Нарынга жана Алайга жайгаштырылган. Бир тобу кайра кетип калышканы маалым.  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ооганстандан бир жарым миңге чамалуу этникалык кыргыз көчүрүлүп келерин 15-июлда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, бул алдыдагы эки жылда ишке ашчу иш. Читать дальше...

Байден АКШ Жакынкы Чыгыштан оолактабай турганын айтты

Azattyk.org 

АКШ Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө Ирандын, Орусиянын жана Кытайдын таасирине каршы турууга жардам берүү үчүн чөлкөмдө активдүү оюнчу бойдон кала берет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 16-июлда Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинде айтты. "Биз кетип калбайбыз жана Кытай, Орусия же Иран толтургудай боштук калтырбайбыз. Биз жигердүү, принципиалдуу америкалык лидерлик аркылуу кызматташтыкты кеңейтүүгө аракет кылабыз", - деди Байден. Читать дальше...

Чолпон-Атада бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Azattyk.org 

Кечээ, 16-июлда Чолпон-Ата шаарындагы «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионаты башталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, чемпионатка 20га жакын өлкөдөн, 200дөй спортчу катышып жатат. Мелдеш 20-июлга чейин уланат. Буга чейин дал ушул «Газпром-балдарга» комплексинде 12-16-июль күндөрү 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги жыйынтыкталган. ... Читать дальше...



Ошто "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы камалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Биринчи турак жай" кооперативинин башчысы И. Б. алдамчылыка шек саналып кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, аталган кооперативге байланыштуу жазылган арыздар ушул жылдын март айынан тартып иликтенип-тергелип жаткан. Ушул тушта материалдык чыгым болжол менен 18 миллион сомдон ашык деп эсептелди. Ошто аталган турак жай кооперативине байланыштуу нааразылык акциялары өткөн. Шаардык ички иштер башкармалыгы "Биринчи турак жай" кооперативине акча берип... Читать дальше...

Казинону шылтоо кылып шариятка ыктоо туура эмес...

Azattyk.org 

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун кезектеги макаласы.   Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Өкмөттүн кумарканаларды иштетүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бир тарапта казынаны толтуруштун айласынан кумарканаларга уруксат бергиси келген өкмөт жана аны колдогондор болсо, экинчи тарапта кумарканалардан кыргыз жарандары да жапа тартып каларын жүйө келтирип, кумар оюндары шариятка туура келбей турганын... Читать дальше...

Жиу-житсу күрөшү: Муртазалиев күмүш медаль тагынды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу күрөшү боюнча дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды. Дүйнөлүк оюндар ушу тапта АКШнын Алабама штатында өтүп жатат. Муртазалиев мелдеште 85 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгач польшалык Козак Масиежди, жарым финалда израилдик спортчу Шемеш Саарды жеңди. Финалда кыргыз спортчусу БАЭнин спортчусу Алкитби Файсал менен кез келип, 0:0 эсебинде тең чыккан. Бирок калыстар жеңишти БАЭнин сопортчусуна ыйгарып,  Муртазалиев күмүш медаль тагынды. Читать дальше...

Аба ырайы: Баткен, Ош жана Жалал-Абадда күн ысыйт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 18-июлда жаан-чачын болбойт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, ал эми күндүз Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37; Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31; Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33 градус болот. Читать дальше...

Аламүдүн базарында мурдагы аялын бычактаган эркек кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык милициясы Аламүдүн базарында иштеген аял бычакталган окуя тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-июлда кечке жуук 1984-жылкы келин соода жайын жаап жаткан маалда белгисиз бирөө бычактап кеткен. Ыкчам иликтөө-тергөөнүн жүрүшүндө ага 1973-жылкы мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, келинге 16 жолу бычак урулган жана учурда оор абалда ооруканада жатат. Кылмышка шектүү Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Читать дальше...

"Бириккен демократиялык кыймыл" Таласта жолугушуу өткөрдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу аталган оппозициялык кыймылдын өкүлү Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Апрель баатырларына куран окуттук. Бийликтин каталарын айттык. Элди уктук", -деп билдирди Жээнбеков. "Бириккен демократиялык кыймыл" буга чейин "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин сындаган. Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн ачык-айкын иликтенишин, журналисттерге басым-кысымды токтотууну талап кылган. Кыймыл быйыл март айында түзүлгөн. Уюм демократиялык... Читать дальше...

Тоо-кен тармагы: жүздөй лицензия өкмөткө өттү

Azattyk.org 

Кыргызстанда тоо-кен тармагына берилген лицензиялардын жүздөн ашыгы кайра мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда билдирди.  Былтыр октябрдан тартып күчүнө кирген өкмөттүн токтомуна ылайык, кен иштетүүгө лицензия алгандар үчүн жыйымдын наркы бир канча эсеге өскөн. Бул тармакта иштеген айрым компаниялардын өкүлдөрү анын кесепетин да айта баштады. Чаткалда алтын казган "Архар-Лачын" компаниясы лицензиясын өкмөт токтом жаңы кабыл алганда эле кайтарып берген. Читать дальше...

Карабак: азери жана армян тышкы иштер министрлери Тбилисиде жолукту

Azattyk.org 

Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Арарат Мирзоян 16-июлда Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салууну талкуулоо үчүн Грузиянын Тбилиси шаарында жолукту. Расмий Бакунун билдиришинче, анда Байрамов Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимдин шарттары сакталып, Карабактан армян аскерлери чыгарылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле дайынсыз жоголгон төрт миңге чукул азери жарандары тууралуу маселе көтөрдү. Армения тараткан маалыматка караганда, Мирзоян... Читать дальше...

Министрлер коомчулукка отчет берет, блогерлер менен жолугат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн баары 18-28-июль күндөрү алты айдын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка отчет берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери жарым жылдыктын жыйынтыктары жана алдыга коюлган кыска жана орто мөөнөттүү милдеттери жөнүндө маалымат берүү үчүн журналисттер, активисттер жана блогерлер менен бейформал шартта жолугушууларды өткөрөт. "Алгач баяндама жасалып, андан соң медиа чөйрө өкүлдөрү үчүн жыйындын катышуучуларына... Читать дальше...



Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин заявил о победе столичных проектов на премии «Умный город»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Диетолог Соломатина предупредил об обилии сахара в покупных куличах



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России