Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 10.07.2022

Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчтү

Azattyk.org 

Бул көрүнүшкө ал жерде жүргөн чет элдик туристтер күбө болуп, видеого тартып алган. Анда ашууда кар көчкү түшкөнүн көрүүгө болот. Ошол кезде ашууда Британия жана АКШнын жарандарынан турган тогуз чет элдик туристтер, аларды коштогон кыргызстандык тургундар болгону айтылды. Баары аман-эсен экени кабарланды. Окуя 8-июлда болгон, туристтер социалдык тармактагы баракчаларына 10-июлда чыгаргандан кийин маалымат каражаттарына жарыяланды.  Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июлда бул маалымат такталып... Читать дальше...

Кыргызстандын 11 жараны тажик абагынан бошотулду

Azattyk.org 

Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен Тажикстанда кармалып, абакта отурганы расмий бышыкталган 13 кыргыз жаранынын 11и ушул аптада Кыргызстанга кайтарылганы маалым болду. Башка айыптар менен кармалгандар чыгарылган эмес, алардын так саны белгисиз. Бошотулуп келгендердин жакындары жана жергиликтүү депутаттар 11 киши Кыргызстанда абакта кармалган тажик жарандарына алмашылганын билдиришти. Эки өлкө тараптан тең алмашуулар тууралуу расмий маалымат боло элек. Бүгүн, 10-июлда Лейлектин... Читать дальше...

Карловы Вары кинофестивалынын баш байгесин ирандык режиссердун фильми жеңди

Azattyk.org 

Чехиянын Карловы Вары шаарында 9-июлда аяктаган кинофестивалдын баш байгесин ирандык режиссер Садаф Форугинин “Үмүт тартуулаган жай” аттуу фильми жеңди. “Кристал глобусуна” татыган тасма машыктыруучу менен улуттук биринчиликке даярданып жаткан өспүрүмдүн таржымалын баяндайт. Бул - Канадада жашаган 45 жаштагы режиссердун экинчи көркөм фильми. 2017-жылы Форуги “Ава” деген тасмасын тартуулаган. Эң мыкты актриса наамын грузиялык Таки Мумладзе жана Мариям Хундадзе грузин-немис фильминдеги ролдору үчүн бөлүшүп алды. Читать дальше...



Тажикстанда журналист Завкибек Саидаминини кармап кетишти

Azattyk.org 

Ишембиге караган түнү Дүйшөмбү шаарында журналист, социалдык тармактарда өз ой-пикирлерин активдүү жазып жүргөн блогер Завкибек Саидаминини кармап кетишти. Жакындары аны Вхдат шаарынын ички иштер бөлүмүнө алып кетишкенин «Озоди» радиосуна айтып беришти. Расмий органдар журналисттин кармалышын комментарийлешкен жок. 7-июлда Вахдатта дагы бир журнаист Абдусаттор Пирмухаммадзода сурак берген. Бирок ал эмне тууралуу сөз болгонун айтуудан баш тартты. Пирмухаммадзода жана Саидамини 15-июлда камакка... Читать дальше...

Индия, Иран жана Кытайдын жарандары Казакстанга визасыз бара алат

Azattyk.org 

8-июлдан тарта Индия, Иран жана Кытайдын жарандары Казакстанда 14 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Мындай уруксат иш менен, конокко же турист болуп келгендерге жайылат. Ички иштер министрлигинин Миграция комитети билдиргендей, жарым жылда ал өлкөлөрдүн жарандары жаңы визасыз режимге ылайык 42 күндөн көп жүрө албайт. Мыйзамды бузгандар административдик жазага тартылмакчы. Июнда Казакстандын маданият жана спорт министри жарандары визасыз келе алган мамлекеттердин санын жүзгө жеткирерин билдирген. Читать дальше...

Кыргызстандагы таштанды тууралуу Канн фестивалына катышкан фильм Бишкекте көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Канн эл аралык кинофестивалына катышкан орусиялык жана франциялык режиссерлор Лина Цримова жана Дени Гербрандын "Дөң" ("Холм", La Colline) аттуу даректүү тасмасы Бишкекте көрсөтүлөт. Бул тууралуу тасманын режиссёлору “Азаттыкка” кабарлады. Бишкектеги таштанды полигонундагы турмушту баяндаган фильм 20-июлда борбор калаадагы Кино үйүндө көрсөтүлөт. 21-июлда болсо “Кудук” маданий борборунда фильмдин режиссерлорунун бири Дени Гербрандын катышуусу менен талкуу өтөт. "Дөң” тасмасы Бишкектин жанында... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

11-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 25…30; Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 24…29; Баткен... Читать дальше...

Май айында Кыргызстандан эң көп суммадагы доллар чыгарылган

Azattyk.org 

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетунда айтылат. Чыгарылган каражаттын 80,1 миллиону Орусияга жөнөтүлгөн. Айрым басылмалар мындай сумма акча которуулардын көлөмү ыраттуу эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жазып чыгышты. Буга чейин Кыргызстанда накталай доллардын жетишпестиги байкалып жатканы кабарланган. Муну өкмөт жана Улуттук банктын жетекчилиги белгилеп... Читать дальше...



Милиция коомдук унаада жүргүнчүгө кол көтөргөн адам кармалганын кабарлады

Azattyk.org 

Бишкектеги №152 маршруттук каттамдагы кичи автобуста жүргүнчү айымга кол көтөрдү делген адам кармалды. Бул тууралуу шаардын Свердлов райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 9-июлда Назира Мукамбетова аттуу жаран шаардагы каттамдардын бириндеги кичи автобуста белгисиз адам ага кол көтөргөнүн айтып, арыз менен кайрылган. Бул боюнча тиешелүү ыкчам издөө иштери жүрүп, жүргүнчүгө кол көтөрдү делген 34 жаштагы адам милицияга жеткирилди. Ал чатак боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берген. Учурда бул иш боюнча тиешелүү материалдар топтолуп... Читать дальше...

"Кызуу талкуулап, бат унутабыз". Тыйылбаган педофилия

Azattyk.org 

Кыргызстанда 13 жаштагы кызды жарым жыл бою зордуктап келген деп айыпталган төрт адамдын экөө милиция кызматкери болгон. Бул окуя ачыкка чыккандан бери коомдогу талкуу токтой элек. "Эже-сиңдилер" берүүсүнүн бул чыгарылышында өспүрүм кызга карата жасалган зордук-зомбулук тууралуу кеп кылдык.

Нарындагы ок атуу боюнча үч адам кармалды

Azattyk.org 

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы ок атуу боюнча үч адам кармалып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалган адамдардын бөгөт чарасы жакынкы убакытта каралат. Милиция кармалган адамдардын аты-жөнүн ачык кабарлаган жок. Бирок "Азаттыктын" булактары кармалгандар чатакташкан тараптардын бири, жергиликтүү тургундарга ок атты деп шектелип жаткан Кыдырмышовдордун үй-бүлө мүчөлөрү экенин билдиришти. Нарындын... Читать дальше...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын сунушу менен Кытай- Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу 2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кошулду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдиргени аталган органдын расмий сайтында кабарланды. Анда Мясникович Өзбекстан менен ЕАЭБдин алакасы тууралуу комментарий берип жатып, темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. "Азыркы тапта тараптар долбоордун техникалык маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Читать дальше...

Ысык-Көлдө режиссёр Базаровдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Көчмөн цивилизациялары музейинде атактуу кинорежиссёр Геннадий Базаровдун чыгармачылыгына арналган фото көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты. 8-июлдан 8-августка чейин уланчу көргөзмөгө Александр Федоров, Алимжан Жоробаев, Урмат Осмоев сыяктуу фотографтардын Базаровдун чыгармачылыгын чагылдырган эмгектери коюлду. Быйыл СССРдин эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Буга чейин мааракелик иш-чаралар Бишкекте жана бир нече аймакта өткөн эле. Читать дальше...

"Белек-бечкектерди кайтарып салган учурлары көп болгон"

Azattyk.org 

"Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мурдагы айыл чарба министри Александр Костюк болду. Ал маегинде мамлекеттик кызматка ким алып келгенин, концертте коньяк кошуп белек алганын, Бакиевдин бийлигине барбай койгонун, эмне үчүн Убактылуу өкмөткө иштегенин, саясатчылар Аманбаев, Масалиев, Исанов жөнүндө пикирлери тууралуу ой бөлүшөт. - Александр мырза, орус тилдүү кыргыздар “мен орусча ойлонуп, орус тилинде түш көрөм” деп калышат, кыргызча “түш жооруган” Костюк кайсы тилде ойлонуп, кайсы тилде түш көрөт? Читать дальше...

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча түзүлгөн комиссия ишин улантууда

Azattyk.org 

УКМКнын тергөө абагында каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу аталган комиссиянын жетектеп жаткан Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, комиссияга кирген маркумдардын жакындары күч органдарынын өкүлдөрү менен бирге иштеп, материалдарды изилдеп жатышат. Байсалов комиссиянын корутундусу жакынкы апталарда даярдалышы мүмкүн экенин кошумчалады. Читать дальше...

Пакистан менен Ооганстанда сел ондогон кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Пакистан менен Ооганстанда катуу жааган жаандан кийинки селден ондогон киши каза болду. Көптөгөн адамдар үй-жайсыз калды. Пакистанда 9-июлда куткаруу иштерин жүргүзүүгө өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрү тартылды. Расмий маалыматтар боюнча, өлкө түштүгүндөгү Белужистан аймагында сегиз дамбаны суу жырып кетип, 57 адам каза тапты. Алардын көпчүлүгү аялдар жана жаш балдар. Ал эми түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында эки адамдын көз жумганы кабарланды. Коңшу Ооганстанда болсо селдин кесепетинен 24 адам каза болгону белгилүү болду.

"Бир жарым жылда 2 млн. доллар таптык". Кыргызстандагы онлайн сооданын арышы

Azattyk.org 

Кыргызстанда 53 кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнөн, андан тышкары 13 консультанттан турган пилоттук топ электрондук соода эрежеси тууралуу окуудан өттү.  Эл аралык уюмдар менен кыргыз өкмөтү биргелешип ишке ашырып жаткан бул долбоор кыргыз өндүрүмдөрүн санарип аянтчаларга чыгарууга басым жасоодо. "Эл аралык соода борбору" уюму менен Экономика жана коммерция министрлиги өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан Ready4Trade долбоору Евробиримдиктин каржылоосу менен ишке ашырылууда. Ал Борбор Азия өлкөлөрүндө... Читать дальше...

Бекешев талаштуу мүлктү легалдаштыруу мыйзамында кооптуу жагдайлар камтылганын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда бир катар күмөндүү жагдайлар камтылганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын пикиринде, мыйзам долбоору  камкорчулук (опекун) укуктан кыянат пайдалануу менен жетимдерден тартып алынган мүлктөрдү мыйзамдаштырууга шарт түзөт. Адам органдарын сатуудан тапкан пайданы, коррупция, адам сатуу, курал-жарак сатуу, сойкуканаларды ачуудан түшкөн каражаттарды легалдаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат. Читать дальше...

Түрк ишкерлери менен Бишкекте трамвай системасын куруу долбоору талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшан Сабиров түркиялык "Йапы Меркези Иншаат ве Санайи" компаниясынын өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, түрк ишкерлери Лейлектеги Раззаков аэропортун жаңылоого жана Бишкек шаарында трамвай системасын курууга кызыкдар экенин билдирген. Кыргыз тарап бул боюнча биргелешип иш алпаруу зарылдыгын белгилеген. Мамлекеттик орган буга чейин... Читать дальше...

Тажик абагындагы 11 кыргызстандык мекенине кайтарылганы кабарланды

Azattyk.org 

Бул маалыматты 2021-жылдын 24-октябрынан бери Коженттеги абакта кармалып турган Айдарбек Хайдаров "Азаттыкка" ырастады. Ал өзү менен кошо тажик абактарында кармалып турган дагы 10 кыргыз жараны 7-июлда Кыргызстандын аймагына өткөрүлгөнүн билдирди. Укук коргоо органдарынын талабынан улам ашыкча маалымат бере албасын түшүндүрдү. Анын атасы Умарбай Хайдаров "Азаттыкка"  абактан бошотулгандардын абалы жакшы экенин айтты: "Баткендин Кызыл-Бел чек ара бекетинен чыгып келди. Ден соолугу жакшы. Он бир кишини чыгарып келишти. Читать дальше...

Демонстранттар кеңсесин ээлеп алган Шри-Ланканын президенти отставкага кетет

Azattyk.org 

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса 13-июлда кызматтан кетет. Бул тууралуу өлкө парламентинин спикери Махинда Япа Абейвардена ишембинин кечиндеги телекайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, миңдеген демонстранттар өлкө борбору Коломбодогу президенттин кеңсесин ээлеп алган соң парламенттин жетекчилиги жана чоң партиялардын лидерлери чукул жыйынга чогулган. Анда саясий күчтөр өлкөдө жаралган кырдаалда президенттин отставкага кетишин талап кылышкан. Президент Ражапакса бул сунушту кабыл алып... Читать дальше...



Москва

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Барыкин

«Летели с девятого этажа»: Александр Барыкин чуть не погиб при падении лифта




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Здоровье

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России