Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 22.07.2022

Иранда спикердин эс алуусу жөнүндө айтып чыккан активист камалды

Azattyk.org 

Иранда парламент спикери Мохаммад Бакер Калибафтын чет жакка саякаты жана кымбат буюмдарды сатып алуусу тууралуу маалыматтарды жарыялаган активист Вахид Аштари эки жылга камалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Иран кызматы (“Фарда” радиосу) кабарлады. Вахид Аштари апрель айында Калибафтын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Түркияда саякаттап жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган. Анда алар чоң 20 чемодан, өтө кымбат баалуу бешик араба жана башка нерселер менен баратканы тартылган. Мындан кийин түркиялык журналисттердин... Читать дальше...

Ооруканада көз жумган кыздын өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ош облусунун Араван районунда ооруканада каза болгон жети жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 22-июлда билдиргендей, окуя 10-июлда облустук балдар ооруканасында болгон. Дарыгерлер кызга чукул операция жасашканда ал аппендицит болгонун, сокур ичегиси жарылып, ичине ириң толуп кеткенин аныкташкан. Операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлмөгө чыгарылган соң кыз көп өтпөй каза болуп калган. Кыздын туугандары алгач Аравандын прокуратурасына арызданып... Читать дальше...

Соңку бир жылда кыргыз-тажик чек арасынын 82 чакырымы макулдашылды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстан 2021-жылдагы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдаша алышканын 22-июлда “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Баткен облусунда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу башталды. Ал беш күнгө созулат. 2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Читать дальше...



Мигранттардын 5,5 миңдей баласы эч туугандыгы жок адамдардын колунда чоңоюуда

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын билдирди. Мекеменин 22-июлда өткөн коллегиялык жыйынында айтылгандай, бул көрсөткүч былтыр1,5 миңди түзгөн. Жалпысынан ата-энеси мигрант болуп жүргөн 88 миң бала аныкталганы, алардын 73 миңиники ата-энеси башка өлкөлөрдө, 14 миңиники Кыргызстандын ичинде экени аныкталды. Читать дальше...

Улуттук банк: Насыя бергендер жана алгандар мамилесине кийлигише албайбыз

Azattyk.org 

Улуттук банк бүгүн 22-июлда билдирүү таратып, коммерциялык банктар менен алардан насыя алган кардарлардын ортосундагы келишимдик мамилелерге кийлигишүүсүнө укугу жок экенин эскертти. Мекеме насыя берген жана насыя алган тараптардын ортосундагы мамиле жарандык-укуктук негизде экенин жана алар ич ара сүйлөшүү же соттук териштирүү жолу менен гана чечилиши зарылдыгын билдирди. Бир да арыз же кайрылуу жоопсуз калтырылбай турганын эскерткен башкы банк кардарлары арызданган банктар же каржылык-насыялык... Читать дальше...

"Уландын ишин уланткыла"

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун таланттуу иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына төрт жыл болду. Андан кийин Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлүп, жыл сайын мыкты иликтөөчүгө байге берип келет. Мындан башка да көптөгөн иш-чараларда анын ысымы аталып, эмгеги эскерилип жүрөт.

Чек ара: Дүйшөмбү менен Бишкек мунаса тапкан тилкелер

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстан бир жылдын ичинде 80 чакырым чек ара тилкеси боюнча орток пикирге келди. Эки өлкөнүн президенттери Чолпон-Ата шаарында жолугуп, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну макулдашты. Ушул тапта жумушчу топтор Баткенде кезектеги жолугушуусун өткөрүүдө.  Утур-утур курал колдонуу менен чыр-чатак чыгып турган кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселеси Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын жыйынында да көтөрүлдү. "82 чакырым... Читать дальше...

Сузак: пайдасынан чыгымы көп дыйканчылык

Azattyk.org 

Сузакта комбайнчылардын кызматы кескин кымбаттап, эгинди былтыркыдан үч миң сомго жогору баада ордуруп жатышат. Айдоочулар баанын көтөрүлүшүнө техниканын майынын, тетиктеринин кымбатташына байланыштуу дешет. Дыйкандар быйылкы түшүмдөн пайда тапмак турсун, чыгымды жабуу да оор болуп жатканын айтышууда.



Кара-Суунун айрым айылдарында он күндөн бери таза суу жок болууда

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бир нече айылында дээрлик он күндөн бери таза суу жок болууда. Жергиликтүү тургундар нааразы болуп, тиешелүү кызматтарга кайрылып жатышат. Маалыматты Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Турганбаев тастыктап, учурда элге суу жеткирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Ал Ишкаван, Кызыл-Байрак жана Кызыл-Кыштак айылдарына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган себеби күн катуу ысып жатканына байланыштуу экендигин айтты: “Бул... Читать дальше...

Чүйдө Өзбекстандын автозаводун ачуу пландалууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда Өзбекстандын автомашиналары чыгарыла турган завод куруу боюнча сүйлөшүү активдүү уланып жатканын 22-июлда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге таянып Tazabek басылмасы жазды. Podrobno.uz басылмасына курган маегинде министр автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунун аймагына куруу маселеси чечилгенин, ишкана качан ачылары азырынча тактала электигин, бирок сүйлөшүү активдүү жүрүп жатканын айтып берген. Амангелдиевдин айтымында, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине... Читать дальше...

Казакстанда кыйноого кабылган кыргыз музыкантынын сүрөтү көргөзмөгө коюлду

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында быйылкы жылдын Январь окуяларынын курмандыктарына арналган «Yмүт» көргөзмөсүнө кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун да портрети коюлду. Бул тууралуу ал 22-июлда Instagram баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, драма коштолгон өзгөчө графикалык ыкма менен тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү бир катар эл аралык арт-долбоорлордун катышуучусу, белгилүү казакстандык сүрөтчү Асхат Ахмедьяровдун демилгеси менен уюштурулду. Музыкант азыркы заманда аскер туткуну... Читать дальше...

Ош облустук соту Досоновду актаган чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Ош облустук соту Кара-Суу райондук сотунун кылмыштуу топтун лидери делген Кадырбек  Досоновду актаган чечимин күчүндө калтырды. "Женго" деген каймана ат менен белгилүү Досонов боюнча мындай чечим облустук сотто 21-июлда чыкканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Быйыл 14-июнда Кара-Суу райондук соту “жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу” деген негизде  Досоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Жерди мыйзамсыз басып алуу” беренеси боюнча козголгон ишти кыскарткан. Ал эми “Кылмыш жолу... Читать дальше...

Кыргыз-казак алакасы: суудан чыккан суроо

Azattyk.org 

Кыргызстан аптапта Казакстанга сугатка кошумча суу берилет деген маалыматты четке какты. Мунун алдында Казакстандын экология, геология жана жаратылыш министри Сериккали Брекешов коңшу мамлекеттен алган суунун көлөмүн көбөйтүү багытында иштер жүрүп жатканын кабарлаган. Апта башында Талас облусундагы айрым дыйкандар төө буурчак эгилген талааларга суу жетпей, Талас дарыясынан Казакстанга суу көп агызылып жатканын айтып нааразы болушкан. Чүйдө дагы сугат суу тартыштыгы чыккан. Казакстандын экология... Читать дальше...

Тажикстан Ооганстандан келаткан Куран китептерин артка кайтарды

Azattyk.org 

Тажикстандын Хатлон облусунун бажы органдары Ооганстандан кирген Куран китебинин миңдеген нускасын артка кайтарды. Китептерди жыл башында ооган ишкери алып келаткан жерден өткөрмө бекеттен алынып, коопсуздук маселелерине байланыштуу Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетине текшерүүгө жиберилген эле. Бажы кызматыны Хатлон облустук башкармалыгынын кызматкери Сухроб Зокиров атайын басма сөз жыйынында китептер комитет менен макулдашылбай туруп кайрадан Ооганстанга жөнөтүлгөнүн тактады. Куран китебинин... Читать дальше...

Өспүрүм кыздарды рак илдетине каршы эмдөө башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө башталат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинанын биринчи дозасы ноябрь айынан тартып 11 жаштагы кыздарга сайылат. Кийин бир жыл аралыгында 12-14 жаштагы кыздар да эмделет. Эмдөө бекер болот, жалпысынан 300 миңдей кызды камтуу пландалууда.     Вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берет. Эмдөөнүн бул түрү 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата... Читать дальше...

Бишкек мэриясы мыйзамсыз иштеген соода жайларын жапты

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө мыйзамсыз иштеген 35 соода түйүнү жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, шаардык жана райондук тийиштүү кызматтар "Ынтымак" жана "Ынтымак-2" сейил багында рейд өткөргөн.  "Көчөдө соода-сатык менен алектенгендер электр станцияларына мыйзамсыз туташып, шаардын бюджети жана электр энергиясы чыгымга учурап жатат", - деп айтылат маалыматта.  Бишкектеги бир катар эс алуу жайларында ондогон күркөлөр соода-сатык менен алектенет. Алардын көбү жер салыгын, ижара акысын төлөшөт. Читать дальше...

Казакстандын борборунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр кирди

Azattyk.org 

COVID-19 вирусун жуктургандардын саны өскөнүнө байланыштуу Казакстандын борбору Нур-Султанда карантиндик чаралар күчөтүлдү. Шаардын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, 23-июлдан тартып эл көп чогулган жерлерде медициналык беткаптарды кийип жүрүү сунушталды. Токтомдо белгиленгендей, сунуштар соода-көңүл ачуучу борборлорго, кинотеатрларга, калкты тейлөө борборлоруна, автобекеттерге, үстү ачык эмес базарларга, коомдук транспортторго берилди. Мындан сырткары кош бойлууларга, COVID-19га... Читать дальше...

Индияда экинчи жолу аял президент шайланды

Azattyk.org 

Индияда Улуттук-демократиялык альянс менен Индиянын улуттук партиясы сунуштаган мурдагы сенатор Драупади Мурму өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланды. Ал республиканын экинчи аял президенти жана атайын тизмеге алынган уруулардын ичинен чыккан биринчи мамлекет башчы болуп калды. Мурму – 64 жашта. Чыгыштагы Одиша штатынындагы мунда уруусунун ичиндеги сантал тобунун өкүлү. Бул уруу Индиянын тарыхында эң төмөнкү каста деп саналган топтордун катарына кирген. Азыркы президент Рам Натх Ковинддин мөөнөтү 24-июлда аяктайт. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаабайт

Azattyk.org 

23-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.​ Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 21...26, күндүз 34…39; Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 32…37; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 22…27, күндүз 36…41; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33; Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36; Бийик тоолордо түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус. Бишкекте жаан жаабайт. Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Лоза

Юрий Лоза объяснил, почему Чулпан Хаматова критикует Россию





Rss.plus
Владимир Путин

Путин поручил рассмотреть вопрос о создании профильных агроклассов




Обвиняемый в даче взятки замминистру обороны Иванову Фомин обжаловал свой арест

Мария Нагорная приняла участие в акции «Доброе дело» в Лыткарине

Подмосковный проект цифровой трансформации сферы энергетики признан лучшим в РФ

Установку станции обезжелезивания в Воскресенске завершат в мае




ТИМ эки президент кол койбой калган келишим тууралуу түшүндүрдү

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери кол койбой калган келишим тууралуу "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. Анын айтымында, эки өлкөнүн президенттери өз мамлекетиндеги ички процедуралар бүткөндөн кийин документке кол коюшат. "Маалымат каражаттардын өкүлдөрүнөн абдан көп суроолор келип жатат. Биринчиден, саммитке катышкан мамлекет жетекчилери документке кол коюуга даяр экенин билдиришти. Читать дальше...

Таласта мектеп директорлугуна тандаган сынакта төрт талапкердин үчөө өтпөй калды

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Талас районундагы "Манас" мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорлук кызматка жети талапкерден арыз түшүп, төртөө сынакка катышты. 1,5 саатка созулган тестте “Башкаруучулук менежмент”, “Педагогика”, “Курак психологиясы”, “Нормативдик укуктук актылар”... Читать дальше...

Министр Казакстанга суу келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө гана берилип жатканын айтты

Azattyk.org 

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Казакстанга суу тийиштүү гана көлөмдө берилип жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгы биринчи орунда турарын жана сугат суу боюнча аларга эч кандай чектөөлөр жок экенин айтты. Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаевдин айтымында, Кыргызстан Казакстандан өткөн жылы, Токтогул суу сактагычында суу азайган учурда алган 900 млн. кВт. саат энергиясын үч жылдын ичинде төлөп бермей болгон. "Кыргызстан Казакстанга үч жылдын ичинде 300 млн. Читать дальше...

"Башы ооруп, кусуп жатат". Июлда СOVID-19 кайтып келди

Azattyk.org 

Кыргызстанда июль айы жаңыргандан бери 395 киши коронавирус жугузуп алды. Адистер абал кооптуу эмес экенин, өлкө жашыл зонада турганын айтып жатышат. Ооруканага вирус жуктуруп кайрылгандардын 90% ашыгы эмделбегендер болуп чыгууда. Ушул тушта вируска каршы эмделгендердин саны 1 млн. 340 миңден ашты. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Наргизанын иниси эки күндөн бери дене табы көтөрүлүп, кусуп, башы, тамагы ооруп жатат. Өспүрүмдүн жакындары алгач аны тамакка ууланып калдыбы деп ойлошкон. Бирок... Читать дальше...

Аламүдүн районунда төрт дача күйүп кетти

Azattyk.org 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында төрт дача күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 21-июлда түштөн кийин катталган өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Такталган маалыматка ылайык, төрт турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн. Сутка ичинде... Читать дальше...

Чоң-Алайда жер силкинди

Azattyk.org 

21-июлда саат 17:23тө Тажикстанда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 2017-жылы болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген. (КЕ)



Москва

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Антонио Вивальди

«Вивальди. Времена Года. Шнитке. Кончерто Гроссо»: концерт в старинном соборе при поддержке Relax FM




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Что можно отметить в этот день



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России