Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 08.07.2022

Мигрант кыз-келиндерге психологиялык жардам берүү кызматы иштей баштады

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарында мигрант кыз-келиндер үчүн психологиялык жана укуктук жардам берген ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин негиздөөчүсү Гүлнара Дербишева “Азаттыкка” кабарлады. Дербишеванын айтымында, мигрант кыз-келиндер телефон аркылуу жана жеке кабыл алуу менен психологдордон акысыз кеңеш ала алат.  “Жыл башында Орусиядагы мигрант кыз-келиндер арасында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Алар жумуш берүүчүлөрдөн, ортомчулардан ыдык көрөрүн... Читать дальше...

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловго ок атылганы кабарланууда

Azattyk.org 

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловго ок атылганын бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул маалыматты "Азаттыктын" булактары дагы тастыктады. Ички иштер министрлиги кийинчерээк маалымат берерин “Азаттыкка” билдирди. "Акипресс" агенттиги өз булагына таянып, окуя Аламүдүн районунда болгонун, Жумагуловдун машинесине ок атылып, ал качып кеткенге үлгүргөнүн жазды. "Кактус Медиа" сайты Жумагулов жана анын жан-жөкөрлөрү белгисиз кишилер менен атыша кеткенин... Читать дальше...

Каракалпакстандагы окуяга "сырткы күчтөр" айыпталды

Azattyk.org 

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ Нара шаарында жума күнкү кол салуудан каза тапты. Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыкка сырткы күчтөрдү айыптады. Өспүрүмдүн зордукталышы боюнча сотту утурлай Бишкекте митинг өттү. Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды.



ФИФА менен УЕФАнын мурдагы президенттери сотто акталды

Azattyk.org 

Швейцариянын федералдык соту Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) мурдагы президенттери Зепп Блаттер менен Мишель Платинини актады. Зепп Блаттер жана Мишель Платиниге "эки миллион доллардай акчаны кымырып алган, документтерди бурмалап жасашкан" деген айып тагылган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Блаттер Платиниге ФИФАда иштегени үчүн федерациянын эсебинен мыйзамсыз акча төлөөнү арткы дата менен жактырган. Бул иш ачыкка чыкканда эки функционер 2015 жана 2016-жылдары кызматтарынан кеткен.

Президент Жапаров Синдзо Абэнин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жапониянын премьер-министри Фумио Кисидага мурдагы өкмөт башчы Синдзо Абэнин кол салуудан улам каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. “Жеке мени, Кыргыз Республикасынын бардык элиндей эле бул кабар нес кылды. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн чоң жоготуу. Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнө салды. Синдзо Абэ масштабдуу инсан болгон, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо канчалык маанилүү жана зарыл экендигинин таасын үлгүсү болгон”... Читать дальше...

13 жаштагы кыз жана жакындары милициянын кайтаруусунда болот

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоонун курмандыгы болгон 13 жаштагы кызды жана анын жакындарын милиция кызматкерери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алуу чечимин чыгарды. Жабырлануучу тарап жактоочулары алардын коопсуздугуна байланышуу сотко өтүнүч киргизгенин билдирди. Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүп, жабырлануучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен сот 12-июлга белгиленди. Читать дальше...

Мирзиёев Каракалпакстандагы окуялардан кийин администрация башчысын иштен алды

Azattyk.org 

Каракалпакстандагы элдик тополоңдон кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысы кызматтан алынды. Расмий маалыматка ылайык, Зайнолибиддин Низомиддинов иштен «саламаттыгына байланыштуу» кетти. «Азаттыктын» өзбек кызматы бийликтеги булактарына таянып, Низомидинов баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү сунуштоодо маанилүү роль ойногонун жазды. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мына ушул... Читать дальше...

Путин Кыргызстан менен абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрук чыгарды

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путин 8-июлда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча буйрукка кол койду. Документ аталган мамлекеттин расмий документтери жарыяланган сайтка жайгаштырылды. Буйрукта Орусиянын Коргоо министрлигине Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда Кыргызстан тарап менен сүйлөшүү тапшырылган. Учурда Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги Орусия стратегиялык өнөктөш экенин айтып келет. Читать дальше...



Эмгек кылып эс алган айыл балдары

Azattyk.org 

Жайында айыл жергесинде жумуш кызыйт. Мектептен каникулга чыккан балдар да четте калбай, чоңдорго жардам беришет. Балдар көбүнчө дыйканчылык, мал багуу, чөп чабык сыяктуу иштерди кылса, кыздар үй жумуштары менен алек болушат. "Азаттык+" бул ирет айылдагы турмушту балдардын көзү менен айтып берет.

Зордукталган тестиер кыз: сот алдындагы акция

Azattyk.org 

13 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу сот жараяны жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоого акциясы өттү. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында өтүт.

13 жашар кыздын зордукталышы боюнча сотко Акыйкатчынын өкүлү киргизилген жок

Azattyk.org 

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурумга Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киргизилген жок. Бул тууралуу адам укугун коргоо мекемесинин сот процессине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген. "Биз бул боюнча судьянын үстүнөн акт түздүк. Читать дальше...

Министр Сары-Жазга ГЭС каскадын курууга инвестор издеп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Ысык-Көлдүн Сары-Жаз аймагындагы дарыяларга ГЭС каскадын курууга инвестор издеп жатканын маалымдады. Бекмурзаев Фейсбуктагы видео кайрылуусунда өлкө боюнча ГЭС куруунун ишке ашыра турчу долбоорлорду жеринен изилдеп жатканын айтты. “Бийик тоолуу Сары-Жаз аймагында 1980-жылдары эле жалпы кубаттуулугу 1,1 миң мегаватт болгон үч ГЭСтин каскадын куруу боюнча иштер каралып баштаган. Курулуш иштери пландалып жаткан жердеги дарыя ачылмалары климаттык катаал шартта, кол жеткис жерлерде жайгашкан. Читать дальше...

Аэропорттордун тагдыры: өкмөт түрк компаниясынан кол үздү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Манас” жана анын курамындагы “Ош” аэропортун сырткы башкарууга берүүгө байланыштуу түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-июлда билдирди. Мунун алдында аталган эки аба майданды башкарган “Манас” ачык акционердик коомунун жетекчиси күтүүсүз алмашкан. Мындай кадрдык өзгөрүү аэропортторду сырттан башкарууга берүү, өкмөт тапкан инвестор тууралуу сын-доомат күчөп турган учурга туш келген. Кыргыз... Читать дальше...

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот 12-июлга жылдырылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүп, жабырлануучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен сот 12-июлга белгиленди. Жабырлануучулардын жактоочулары алмашкандыктан, иш менен таанышып чыгууга убакыт сураган. Соттун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууну талап кылгандардын акциясы өттү. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”... Читать дальше...

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот жабык өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир киши боюнча отурум жабык өтүүдө. Соттун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгон акция өттү. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту. Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда... Читать дальше...

Секелектин зордукталышы: сот алдындагы нааразылык

Azattyk.org 

Бүгүн 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунунда 13 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча ишти жабык карады жана кийинки отурум 12-июлга белгиленди. Жараян өтүп жатканда сот имаратынын алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгондор кыйкырып турушту. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазууларды кармап турушту.   Бүгүн, 8-июнда Свердлов райондук... Читать дальше...

Ирандын президенти хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү буйруду

Azattyk.org 

Ирандын президенти Ибрагим Раиси хижаб тууралуу мыйзамды күчүнө киргизүүнү тапшырды. Ага ылайык, аялдардын кийинүү эрежелери дагы чектелет. Мындан улам «Меллат» банкы аял кызматкерлерине бийик такалуу бут кийимдерди кийүүгө тыюу салды. Ошондой эле жоолукту бир гана чачын эмес, мойнун жана ийиндерин жаап жүргүдөй кылып салынышы керек. Ал эми Мешхед шаарынын прокуратурасы мэрияга кайрылып, «хижабды туура эмес салынгандарга» метрого түшүүгө тыюу салууну өтүндү. Мэр бул үчүн соттун чечими керек экенин билдирген. Читать дальше...

Өспүрүмдү зордуктоого шектүүлөрдү бошоткон судья кызматын тапшырды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди бошоткон судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, судья сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү үчүн жумуштан кетүүнү чечкен. Маалыматта өспүрүмдү зордуктоого шектелгендердин бошотулганы жөнүндө кабар маалымат каражаттарына чыгары менен жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайы менен таанышып, судьянын аракетинен... Читать дальше...

Акылбек Жапаров ККМ бардык ишкерге милдеттүү бойдон калганын билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ аппараты) киргизүү шарттарын талкуулоо боюнча жумушчу топтун акыркы чогулушун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымады. Маалыматка ылайык, жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында бардык ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды жана эсеп-фактураларды колдонуу милдеттүү бойдон калды. Ишкерлерди ККМ менен камыздоодо айына 300 сомдон бөлүп төлөө шарттары каралды. “Бул 300 сомдун чегинде болот жана биз... Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Рэпер Джиган вызвал Тимати на поединок из-за шуток в свой адрес и проиграл





Rss.plus
Алексей Сёмин

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии




Лесные пожары в Сибири обошлись Китаю и Японии в десятки миллиардов долларов

Общеобластной субботник прошел во всех микрорайонах Химок

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

На Московском путепроводе в Туле произошло лобовое ДТП: трое госпитализированы




Өкмөт аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропорттору боюнча түркиялык YDA INŞAAT компаниясы менен келишим түзүүдөн баш тартты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мындай чечимге Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтыбаганы себеп болгонун билдирди. “Албетте, ар бир инвестор максималдуу түрдө пайда көрүп кетүүнү каалайт. Бирок, биз дагы максималдуу түрдө элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына, коопсуздугуна толук жооп берсе, эки жылда дүйнөлүк стандартка ылайык курулушту бүтүрүп... Читать дальше...

Тестиер кыздын зордукталышы боюнча сотту утурлай митинг өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдында балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабын койгон акция өтүүдө. Ага укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып, колуна “Балдарыбыз үчүн коркуп жатабыз”, “Зомбулукту токтоткула!”, “Педофилияны токтоткула!” деген жазууларды кармап турушат. Бүгүн бул жерде зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын иши боюнча отурум болот. Акцияга катышып жаткан укук коргоочулар Кыргызстанда балдарды коргоонун системасы жакшы иштебей жатканын айтууда. Читать дальше...

Жапон медиасы экс-премьер-министр Синдзо Абэ каза болгонун жазды

Azattyk.org 

Жапониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ көз жумду. Бул тууралуу жапониялык басылмалар жазууда. Синдзо Абэ Нара шаарында парламенттин жогорку палатасына шайлоо өнөктүгү алкагында эл алдында сүйлөп жаткан учурда белгисиз адам далысына эки жолу ок аткан. Абэ ооруканага жеткирилгенден кийин «жүрөк-өпкө системасы токтоп калганы» кабарланган. Кол салууга шектелген 41 жаштагы Ямагами Тецуя окуя болгон жерде кармалды. Ал полицияга каршылык көрсөткөн эмес. Өкмөт кол салууга байланыштуу кризистик штаб түздү. Читать дальше...

Кыргызстандын элчиси Жапониянын мурдагы өкмөт башчысына кол салууну айыптады  

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев ал өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэге кол салууну кескин айыптай турганын билдирди. “Биз адамкерчиликсиз аракетти чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Синдзо Абэ мырзанын ден соолугу үчүн тынчсыздануудабыз жана амандыгын тилек кылуудабыз”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында. Жапон өкмөтүндө мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге кол салуу болгонуна байланыштуу кризистик штаб түзүлдү. “Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей, штабды өкмөт башчы Фумио Кисида жетектемей болду... Читать дальше...

Зордуктоого кабылган кызга жардам чогултула баштады

Azattyk.org 

Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам акциясы жарыяланган алгачкы төрт саат ичинде 75 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн 8-июлда акциянын демилгечиси, жарандык активист жана белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди. Ал бүгүн социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу кайрылуу жарыялап, кызга жардам берүүгө чакырган: “Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Читать дальше...

Мирзиёев: Каракалпакстандагы башаламандыкты четтеги күчтөр даярдашкан

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы 1-2-июлда болгон тополоңду «бир канча жылдан бери чет жактагы кыянатчыл күчтөр» даярдаганын билдирди. Бирок ал кайсы бир мамлекетти атаган жок. Президент мындагы максат «Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салып, этностор аралык жаңжалды тутандыруу» болгонун кошумчалады. Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. Мирзиёев иликтөөгө коомдун өкүлдөрү... Читать дальше...



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин представил масштабную программу фестиваля "Пасхальный дар"



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Блогерша Алена Водонаева заявила, что ей нравится сын рэпера Джигана




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований


Даниил Медведев

Медведев рассказал, что у него не получилось в первом сете матча с Арнальди в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России