Австрияда вакцинага каршы чыккандардын айынан дарыгер өз жанын кыйды
Австрияда вакцинацияга каршы чыккандардын коркутууларына кабылган дарыгер Лиза-Мария Келлермайр өз жанын кыйды. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады. Дарыгердин сөөгү анын иш бөлмөсүнөн табылган. Өлүм алдындагы катында опузалардан улам ал ушул жолго барганын жазган. Австриянын президенти Александр ван дер Беллен калкты жек көрүүгө жана кодулоого каршы бирге турууга чакырды. Саламаттык сактоо министри Йоханнес Раух дарыгердин өлүмүнө байланыштуу жек көрүү кечиримсиз экенин, ал токтотулушу керектигин айтып чыкты. Читать дальше...