Боомдогу селден улам жабылган унаа жолу бир тараптуу ачылды
Селге байланыштуу жабылып калган Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Жол каттамы эки тараптуу жабылган. Мындан улам жол тыгыны пайда болгон. Читать дальше...