Иранда аял-эркек чогуу бийлегени үчүн жети окутуучу иштен айдалды
Ирандын Керманшах университетинин окутуучуларынын бийлегени тартылган видео интернетте чыгып кеткенден кийин жети профессор жумуштан бошотулду. Медициналык институттун окутуучулары 1-июнда өткөн бүтүрүү кечесинде бийлешкен. Видео тасма жакын арада эле тарап кеткен. Норвегияда жайгашкан Ирандыктардын укуктарын коргоо маалымат агенттиги (HRANA) жазгандай, профессорлор аял-эркек аралаш бийлегени үчүн жана иш-чарада аялдар хижабды “туура эмес” кийишкени үчүн айдалган. Видео интернетке тарап кеткен... Читать дальше...