Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 09.07.2022

Казакстандык теннисчи кыз биринчи жолу Уимблдон мелдешин утту

Azattyk.org 

Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Британиядагы Уимблдон ачык чемпионатынын финалында тунистик Онс Жаберди жеңип алды. Ал "Чоң шлем" турнирлеринин жекеме-жеке беттештерин уткан алгачкы казакстандык спортчу болуп калды. 23 жаштагы Рыбакина ишембиде Лондон шаарындагы финалдык оюндун биринчи айлампасын уттуруп жибергени менен калган эки айлампаны бир топ артыкчылык менен (3:6, 6:2, 6:2) жеңип алды. Анын атаандашы Онс Жабер "Чоң шлем" турнирлеринин финалына чыккан биринчи араб жана африкалык теннисчи айым болуп калды. Читать дальше...

"Дөө Чыңгыздын" карааны: Күч органдарынын алын сынаган операция

Azattyk.org 

Күч органдарынын Көк-Жар айылындагы ийгиликсиз операциясынан бери төрт күн өттү. Бирок атайын кызматтын кимди кармоого аракет көргөнү, качып кеткен кара түстөгү машиненин ичинде кимдер болгону расмий айтылбай жатат. Ал эми журналисттердин маалыматы такыр башка. Интернетке тараган видеодо Көк-Жар айылындагы “Фрунзе” дүкөнүнүн тушунда бараткан кара түстөгү “Гелендвагендин” алдын тороп токтогон кичи автобустун ичинен атайын кийимчен кишилер чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрүүгө болот. Читать дальше...

"Дөө Чыңгызды" кармоо аракети, УКМКнын эскертүүсү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирди. 8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында Жумагуловду кармоо аракети болуп ага ок тийгенин, бирок “Дөө Чыңгыз” качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. Интернетке тараган видеодо Көк-Жар айылындагы “Фрунзе” дүкөнүнүн тушунда бараткан кара түстөгү “Гелендвагендин” алдын тороп токтогон бустун ичинен атайын кийимчен адамдар чуркап чыкканын... Читать дальше...



Зордуктоого кабылган кызга бир күндө элден 340 миң сом чогулду

Azattyk.org 

Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жаштагы кызга жардам акциясы жарыяланган алгачкы күнү 340 миң сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда "Азаттык" радиосуна акциянын демилгечиси, жарандык активист жана белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди. Ал кечээ 8-июлда социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу кайрылуу жарыялап, кызга жардам берүүгө чакырган болчу. 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Читать дальше...

Шри-Ланкада митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышты

Azattyk.org 

Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо бүгүн 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алып, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Мамлекет башчысы коопсуз жерге чыгарылып кеткени, ал аскердик-деңиз күчтөрүнүн коргоосунда экени, ал эми шаарда демонстранттар менен полициянын кагылышуусу уланып жатканы кабарланууда. Бийликке каршы нааразылык акциясына он миңдеген адам чыкканы, арасында аймактардан баргандар да көп экени, 14 адам көздөн жаш агызуучу газдан жабыркап ооруканага түшкөнү маалымдалды. Читать дальше...

Беш жогорку окуу жайдын макамын өзгөртүү сунушу талкууланды

Azattyk.org 

Өлкөдөгү беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берүү сунушу каралып жатканын 9-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда жогорку окуу жайлары менен Улуттук илимдер академиясын реформалоо тууралуу сөз болду. Өзгөчө макам берүү караштырылып жаткан жогорку окуу жайлар Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университет... Читать дальше...

10-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

10-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Өкмөт Чаткалда кен казуудагы жемкорлук боюнча иликтөөлөр уланып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Чаткалда кен казууга лицензия берүүдө жемкорлук болгону тууралуу маалыматтар боюнча иликтөө уланып жатканын жергиликтүү тургандар менен жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргенин 9-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Мекеме билдиргендей, жолдорду оңдоодогу мыйзам бузуулар тууралуу да маалыматтар текшерилүүдө. Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков катышкан жолугушууга 300дөй жергиликтүү тургун барып, суроолорун бергени... Читать дальше...



"Үндүктөн" качкан Түркия аталышын өзгөртөт

Azattyk.org 

Апта ичинде дүйнөлүк басма сөзгө жарыяланган макалаларга сереп.  Талибдерге бут тоскон террордук уюм Өткөн жайда бийликке кайтып келген “Талибан” кошуналарын Ооганстан бизнес жүргүзүүгө ачык, инвестициялар корголот деп ишендиргени менен “Ислам мамлекети” радикал уюму талибдердин бул убадасын аткарууну татаалдаштырып жатат. Ушундай мазмундагы макала 6-июлда Eurasianet сайтында жарык көрдү. Макаланын автору Лукас Веббер бир нече мисал келтирген. Алсак, Ташкент Өзбекстанды Пакистандын порттору менен туташтырган... Читать дальше...

Синдзо Абэнин сөөгү үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилди

Azattyk.org 

Жапониянын киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэнин сөөгү бүгүн 9-июлда үй-бүлөсү жашаган Токиодогу батирине жеткирилди. Көп кабаттуу үйдүн короосунан аны эң жакын санаалаштары – бийликтеги Либералдык-демократиялык партиянын саясий кеңешинин төрагасы Санаэ Такаити жана "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагути тосуп алышканын, маркумдун үйүнүн тегерегиндеги көчөлөр полициянын жана улуттук коопсуздук кызматынын тыкыр көзөмөлүндө экенин журналисттер жазышты.    “Киодо” маалымат агенттиги... Читать дальше...

УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, Чыңгыз Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунда уюшма кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатканын 9-июлда билдирди. Мекеме кайсы кылмыш иши тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок, бирок анын негизинде 8-июлда Чүй облусунун аймагында тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлгөнүн маалымдады. УКМК Чыңгыз Жумагулов аттуу адам менен атышуу болгону жана ал кармалганы тууралуу айрым маалымат... Читать дальше...

Пандемиядан кийинки Курман айт жана ажылык

Azattyk.org 

Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Эл эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги да катышты. Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл 2-майда Орозо айт намазына байланыштуу негизги иш-чара Бишкектин Эски аянтында уюштурулуп, ага 35 миңдей адам чогулган. Читать дальше...

Анжиянда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча отурум өттү

Azattyk.org 

4-8-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегациялардын жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу 8-июлда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, "Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Читать дальше...

COVID-19га каршы штаб: Эч кандай чектөө чаралары пландалган жок

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавируска каршы эч кандай чектөө чаралары пландалган жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штаб бүгүн 9-июлда билдирди. Штаб жалпы өлкөдө карантин жарыяланышы ыктымал деген маалыматтын Кыргызстанга тиешеси жоктугун, анда Европанын айрым мамлекеттериндеги абал тууралуу сөз болгонун белгиледи. Дарыгерлер соңку эки аптадан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптар кайра каттала баштаганын, бул илдеттин оор формасынан коргонуу үчүн вакцина алуу керектигин эскертип жатышат. Читать дальше...

Президент элди Курман айт майрамы менен куттуктады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 9-июлда кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктап, бул күн мусулмандардын адамзаттын баа жеткис рухий байлыктары болгон биримдикти, боорукерликти жана кайрымдуулукту даңазалаган башкы майрамдарынын бири экенин белгиледи. Курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарарын айткан мамлекет башчысы ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады жана ушул күндөрү ажылыкта... Читать дальше...

"Бир секундда күйүп кетти". "Дордойдогу" өрт, ыйлаган соодагерлер

Azattyk.org 

“Дордой” базарында 5-июлда катталган өрттөн соодагерлер 100 млн. сомдой чыгым тартканы айтылды. Алар азыркы тапта базардын жетекчилигинен жана өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Ал арада өрт мыйзамсыз курулган тамактануучу жайдан чыкканы белгилүү болду. Азыр шаардык мэрия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Соодагерлер буга чейин бир нече жолу мэрияга кайрылышканын, өрт чалгандан кийин гана реакция болгонун сынга алышууда.

Жер талаштын айынан алты адамга ок атылды

Azattyk.org 

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү алты тургун жараат алды. Үчөөнүн абалы оорлоп, аларга Нарын облустук ооруканасында операция жасалды. Азыр укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирип, окуяга себепчи болду делген Бакыт Кыдырмышовду суракка алып жатат.

Кримтөбөл Жумагулов боюнча тарап жаткан маалыматка расмий комментарий бериле элек

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында жолдо кетип бараткан машинага ок атылганы тууралуу тарап жаткан маалымат боюнча укук тартибин коргоо органдары расмий комментарий берише элек. “Азаттык” радиосу 9-июлда бул боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматтарына кайрылып, маалымат ала алган жок. Көк-Жар айылындагы “Фрунзе” дүкөнүнүн тушунда жолдо бараткан кара түстөгү “Гелендваген” машинасынын алдын тороп токтогон бустун ичинен атайын кийимчен... Читать дальше...

Эски аянттагы айт намаз

Azattyk.org 

Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.

Аянт-мечиттерде Курман айт намазы окулду

Azattyk.org 

Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Эл эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги да катышты. Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл 2-майда Орозо айт намазына байланыштуу негизги иш-чара Бишкектин Эски аянтында уюштурулуп, ага 35 миңдей адам чогулган. Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Филипп Киркоров

Киркорова оштрафовали на 6 тысяч рублей из-за неуплаченного штрафа в 3 тысячи




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Трагедия в «Крокусе»: почти 50 потерпевших обвиняют МЧС МО в полном бездействии



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России