Пакистанда эки диний ишмерди атып кетишти
Пакистандын Түндүк Вазиристан округунда белгисиз адамдар эки диний ишмерди атып кетишти. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосу жергиликтүү полицияга таянуу менен кабарлады. Кари Самиуддин менен Кари Науман бараткан автоунаага мотоцикл айдаган куралчан адамдар көчөдө баратып жакындап, терезеден ок чыгарышкан. Кари Самиуддин “Джамиат Улема-и-Ислам Фазал” партиясынын жергиликтүү лидери жана диний окуу борбордун администратору болгон. Ал буга чейин парламентке талапкер катары катышып жүргөн. Читать дальше...