Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 08.08.2022

ТИМ Москвада кырсыктан каза болгон кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз жаранынын тек-жайын атады. Маалыматка ылайык, каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон.  7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен. Бул окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери маркумдардын жакындары менен кырсык болгон жерде иш жүргүзүп жатканы кабарланды.

Баткенде чек арачынын куралынан жараат алган өспүрүмдүн абалы оор

Azattyk.org 

Баткен районунда чек арачынын куралынан ок тийген сегиз жаштагы өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу 8-августта Баткен районунун акимчилигинен «Азаттык» радиосуна кабарлашты. Жабыркаган өсүпүрүм учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуя 7-августта кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактагы Миң-Өрүк айылында болгон. Алдын ала маалыматта 19 жаштагы жергиликтүү тургун чек арачылардын жанына келип, куралды кармап көрөм деп колуна алганы айтылат. Читать дальше...

Араб инвесторлоруна 13 долбоор сунушталды

Azattyk.org 

3-4-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун өкүлдөрү катышкан IV тегерек стол болуп өттү. Жыйында Кыргызстанда ишке ашырыла турган 13 долбоорду каржылоо маселеси каралды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Араб координациялык тобунун фонддорунун Кыргызстандагы ишин жогору баалай турганын айтып, карала турган долбоорлорду атады. "Бул долбоорлор саламаттык сактоо, ирригация, темир жол инфратүзүмү, турак жай куруу, билим берүү мекемелерин куруу, айыл жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртуу... Читать дальше...



Кыргызстанга бир жылга жетчүдөй инсулин алып келинди

Azattyk.org 

Кыргызстанга "Протафан" инсулини алып келинди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул дары-дармек өлкөдөгү инсулинге муктаждардын бир жылдык керектөөсүн камсыздай алат. Мекеме препарат жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилерин билдирди. Кыргызстанда быйыл февраль айында тендер үзгүлтүккө учурагандыктан инсулин менен камсыз кылуу кармалып, көйгөй жаралган. Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин түгөнүп бара жатканы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Читать дальше...

Москвада суу коллекторуна агып кеткен эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Москвада суу коллекторду тазалоо учурунда агып кеткен үч жумушчунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Орусиянын баш калаасынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянып орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, өткөн аптада Москвадагы суу топтолчу коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан. Ошол маалда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адамды агызып кеткен. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны экени аныкталды. Алардын сөөгү 7-августта табылды. Бул кырсык боюнча Кыргызстандын Орусиядагы... Читать дальше...

"Кыргыз почтасынын" ишинде техникалык үзгүлтүк болду

Azattyk.org 

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы кызмат көрсөткөн жайларда төлөмдөрдү төлөөдө техникалык мүчүлүштүктөр калыбына келтирилгенин кабарлады. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда техникалык мүчүлүштүктүн себеби такталып жатат. Буга чейин айрым жарандар калкты тейлөө борборлорундагы «Кыргыз почтасы» кызмат көрсөткөн төлөмдөр аткарылбай жатканын, анын айынан кыйынчылыктар жаралганын кабарлашкан эле.(BkA)

Садыр Жапаров быйыл БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуттук телеканалга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент БУУнун жыйынында тоолуу өлкөлөрдөгү экологияны коргоо маселеси боюнча сөз сүйлөйт. Ошондой эле сапардын алкагында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана башка өлкө жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Муну менен Садыр Жапаров президент катары... Читать дальше...

"Ош" аэропортундагы көйгөйлөрдү айткан журналист коркутууга кабылып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Ош аэропортундагы такси айдоочуларына байланыштуу көйгөйдү айтып чыккан журналист Шохрух Саипов өз дарегине коркутуулар болуп жатканын "Азаттыкка" билдирди. "Менин соцтармактагы билдирүүлөрүмдүн алдына ачык эле коркутууларды жазып жатышат. Тааныштарымдан мен жөнүндө маалыматтарды сураган учурлар да болуптур. Андан сырткары көчөдө түшүнүксүз тоскоолдуктар болду", - деди Саипов. Ал коркутуулар боюнча милицияга арыз жазууга камынып жатканын кошумчалады. Буга чейин Шохрух Саипов Орусиядан "Ош" эл аралык аба майданына учуп... Читать дальше...

"Кой-Таш окуясына" үч жыл: сот иши создукту

Azattyk.org 

Адам өлүмү менен аяктаган жана ондогон адам жабыркаган Кой-Таш окуясына үч жыл толду. Тоз-тополоңго байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Бишкектеги Биринчи май райондук соту карап жатат. 2019-жылы 7-8-август күндөрү кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталган Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башаламандык менен коштолгон эле. Кой-Таш окуясына байланыштуу сот отуруму 8-августта кайра жанданат. Биринчи май районду... Читать дальше...

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды

Azattyk.org 

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өлкө бийлигине кайрылып, абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну суранды. Президент Садыр Жапаров жана күч органдарынын жетекчилерине жолдонгон кайрылууда Султанбеков мурдагы президент абакта кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып турганын эске салган. Ал Азиз Батукаев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Кыргызстанда сыртынан өмүр бою соттолгон Жаныш Бакиевге алмашуу боюнча атайын операциясынын алкагында бошотулганын... Читать дальше...



Москва

В рубрике «Я - артист цирка Бурятии» Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия, национальный проект


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как Москва заботится о ветеранах Великой Отечественной войны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Карди Би

Худшие образы звезд на Met Gala 2024: Лана Дель Рей в «москитной сетке» и Карди Би с прической Мардж Симпсон




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России