Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 09.08.2022

Кыргызстандын Чикагодогу башкы консулдугу иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу 8-августтан тарта иштей баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, башкы консулдук АКШдагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, жана консулдук кызмат көрсөтүү үчүн түзүлдү. Буга чейин Кыргызстандагы башкы консулу болуп Болотбек Борбиев дайындалган. Башкы консулдук АКШнын 31 штатындагы жарандарга кызмат көрсөтмөкчү. Алар: Айдахо... Читать дальше...

Журналисттерди коргоо комитети Res Publica басылмасынын сайтына бөгөт койбоого чакырды

Azattyk.org 

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигинен Res Publica басылмасынын веб-сайтын калыбына келтирүү жана сөз эркиндигине коркунуч туудурган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды жокко чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм 8-августта билдирүү таратты. Андагы маалыматка ылайык, 21-июлдан тарта Маданият жана маалымат министрлигинин талабы менен Кыргызстандагы интернет провайдерлер Res Publica басылмасынын сайтына бөгөт койгон. Буга басылма... Читать дальше...

ФБР Трамптын Флоридадагы резиденциясында тинтүү жүргүздү

Azattyk.org 

Дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Флорида штатындагы анын Мар-а-Лаго резиденциясында тинтүү жүргүзүп, жеке сейфин да ачканын жарыялады. Трамп бул учурда Нью-Йоркто жүргөн. Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) бул билдирүүгө комментарий бере элек. Бирок америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары өз булактарына таянып, мурдагы президент Ак үйдөн ала кеткен документтер, анын ичинде жашыруун документтер тинтүүгө негиз болгонун жазышты. Мыйзам боюнча... Читать дальше...



Төө-Ашуудагы тоннелде чектөө алынды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелиндеги жолду оңдоо аяктап, кыймылга чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындан ары жол өтмөктө автоунаалар тоскоолдуксуз жүрө алышат. Июль, август айларында аталган тоннелде автокырсык болуп, андан электр чубалгыларына зыян келтирилген. Мындан соң утур-утур менен чектөө киргизилип жаткан эле. Транспорт министрлиги жакын арада Төө-Ашуудагы тоннелдин башка оңдоо иштери жүргүзүлөрүн эскертти.(BkA)

Кыргызстан электр энергиясын былтыркыдан көп сатып алат

Azattyk.org 

Өткөн кыш соңку жылдарга салыштырмалуу кыйла оор болду. Токтогул суу сактагычында суу өтө аз топтолгондуктан, Кыргызстан электр энергиясын кошуналардан сатып алууга аргасыз болгон. Быйыл абал бир аз дурус деп айтылууда. Бирок Энергетика министрлиги тобокелге баргысы келбей, электр энергиясын кошуналардан буга чейинкиден да көбүрөөк сатып алмакчы. “Импорттосок, кышта аман чыгабыз” 2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суу эң эле көп болгондо 12,3 миллиард куб метрди гана түзгөн. Кыштын ыңгайлуу өтүшү үчүн 16-17 миллиард кубометр керек. Читать дальше...

Ысык-Көлдө кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат. "Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз",-деди Бөрүбаев. Читать дальше...

Жапар Ормонов Чолпон-Атанын мэри болуп дайындалды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Жапар Ормонов дайындалды. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ормонов бүгүн Чолпон-Ата мэриясынын жамаатына тааныштырылып, ишке киришти. Шаарды буга чейин Бердибек Иманбеков башкарып келген эле. 49 жаштагы Ормонов буга чейин Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинен ат салышкан. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынын учурунда Ош шаарында... Читать дальше...

“Алтын казынадагы” жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги "Алтын Казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. 8-августта "Алтын казына" ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Читать дальше...

Түрк тышкы иштер министри Арменияны чагымдан алыс болууга чакырды

Azattyk.org 

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Арменияны Тоолуу Карабакта жаңы провокацияларды жасоодон карманууга чакырды. Түрк башкы дипломаты бул билдирүүнү Тоолуу Карабакта абал курчуп турган мезгилде жасады. Соңку күндөрү талаштуу аймактагы атышуудан кеминде үч адам каза болгон. Мевлүт Чавушоглу 2020-жылдагы алты жумага созулган согуштан кийин Түркия аймакта тынчтыктын камсыз болушуна аракет көрүп жатканын билдирди. Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумага созулган согуш чыккан. Читать дальше...

"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү сынагын сентябрда өткөрүү пландалууда

Azattyk.org 

"Манас" аэропортун сырткы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров билдирди. Анын айтымында, учурда ачык сынак өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат. Ага Германия, Түштүк Корея сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн компаниялар кызыкдар экенин билдирип, сунуштарын берүүдө. "Биз өкмөткө сунуштарды киргиздик. Эки этап менен ачык-айкын конкурсту өткөрөбүз. Бул боюнча президент менен сүйлөштүм. Ал киши ачык-айкын конкурс өткөрүп... Читать дальше...

“Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты. Мыйзамды парламент июнь айынын аягында кабыл алган эле. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкер, жаратмандарга жеңилдиктер каралып, аларды айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган. Аларга архитектор, дизайнерден тарта блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15ден ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр киргизилген. Читать дальше...



Москва

«Русский космос поздравляют дети мира и России»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин объявил о начале сборки «Москвича» по технологии полного цикла



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

Волочкова опровергла обвинения в алкоголизме




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Пензенские регбистки выиграли первенство России

"Зенит" в Москве обыграл ЦСКА и сравнял счет в серии


Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России