Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 15.08.2022

Еревандагы жарылууда өлгөндөр алтыга жетти

Azattyk.org 

Армениянын борбору Ереван шаарындагы "Сурмалу" соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде алты адамга жетти, дагы 16 киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Гари Армаганян журналисттерге билдирди. Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Урандылардын астында дагы деле адамдар калган болушу мүмкүндүгү айтылган. Читать дальше...

Бир жумада коронавирус 527 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

8-августтан 14-августка чейин Кыргызстанда 527 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан ырасталды. Санэпидкөзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун маалымдашынча, илдетке чалдыккандардын 138и ооруканада, калгандары үйүндө дарыланып жатат. Расмий эсепте пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан 3 миңдей көз жумган. (TSh)

Мамлекеттик катчы "Так мураскери" тасмасын сындагандарга жооп берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кабар" маалымат агенттигине "Так мураскери" ("Манастын уулу Семетей") тасмасын сындагандарга жооп кылып, пикирин жарыялады. "Башкы лейтмотиви мындай: кан Манас өлгөндөн кийин чар тарапка чачылган кыргыз журтун жыйноо, аларды ички жана тышкы душмандардан коргоо. Тасманы тартууга негизги каржылык колдоону ишкерлер тобу көтөрдү. Чыгармачылык жактан "Казакфильм" жана орусиялык киностудиялар көмөк көрсөттү. Андан сырткары кинотасма Шанхай кызматташтык уюмунун "Бир алкак ... Читать дальше...



Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы 16-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын болбойт деп кабарлады. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24... Читать дальше...

Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Азербайжандын президенти Илхам Алиев Баку шаарында кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулашты. Төрөбаев Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Алиевди өлкөгө чакырды. Бакыт Төрөбаев Баку шаарына Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык... Читать дальше...

Чек ара: бодо мал аткезчилигине байланыштуу бир нече факт катталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы соңку дем алыш күндөрү бодо мал аткезчилигине байланыштуу бир катар факты  катталганын билдирди.  Ага ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда 13-августта кыргыз-өзбек чек арасын бузуп, жети жылкыны айдап бараткан Кыргызстандын жараны кармалды. Мындан көп өтпөй аталган облустагы Акы районунда Өзбекстанга жети бодо мал айдап бараткан дагы бир кыргызстандык колго түшкөн. Талас облусунда 14-августа кыргыз-казак чек арасынан 17 баш бодо мал жүктөлгөн машина кармалган. Читать дальше...

Челябинскидеги тергөө абагында 17 кыргызстандык жаран отурат

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугунун өкүлдөрү Челябинск шаарындагы тергөө абагында отурган кыргыз жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. "Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн кызматкерлер ар бир кыргызстандык жаран менен жеке баарлашып, суроолоруна жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле, кыргызстандык дипломаттар тергөө изоляторунун башчысы менен да кезигип, өз ара кызматташууну талкуулашты, абактын шарты менен таанышты. Читать дальше...

Жекшеналиевге "баш аламандык уюштурууга чакырган" деген айып коюлду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалганын бышыктады. Анда 19 жаштагы блогер 14-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы айтылат. ИИМдин маалыматында "эски видеонун "Полит Узник" баракчасына жарыяланышында кээ бир активисттердин жалган жана так эмес маалымат таратуу... Читать дальше...



Абдил Сегизбаев эски видеосунан улам милицияга сурак берди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ)  Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 14-августта сурак бергенин ырастады. Анда "Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу мындан эки жыл мурда, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын айтты. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын билдирди. Учурда тергөөгө тиешелүү бардык аракеттер көрүлүп жатат",-деп айтылат маалыматта. Мунун алдында, социалдык тармактарда Сегизбаевдин... Читать дальше...

Зардалыга интернет жетти

Azattyk.org 

Баткен облусундагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылы интернетке туташтырылды. Бул тууралуу "Кыргыз Интернет Коому" уюму кабарлады. Анда бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашканы айтылат. "Зардалыда "Кыргыз Интернет коому" алгач күн панелин орнотуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылып жатат. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды... Читать дальше...

Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Петрашов 14-августта 200 метр аралыкка брасс боюнча жарышты. Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин дагы 13-августта брасс боюнча 50 метр аралыкка жарышып, коло байге алган. Бүгүн, 15-августта 100 метрге брасс боюнча жарышат. V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган. ... Читать дальше...

Бишкекте машина сүзгөн беш жолоочунун үчөө оор абалда

Azattyk.org 

Бишкекте 14-августта кечке жуук Патрис Лумумба менен Волков көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Фит" жана "БМВ" үлгүсүндөгү машиналар кагылышты. Патрулдук милициянын маалыматына караганда,  авария маалында "БМВ" үлгүсүндөгү машина жол четине чейин сүрүлүп, беш адамды коюп кеткен. Учурда үч жолоочунун абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аварияга кабылган машиналар айып короо жайына киргизилди жана кырсыктын себеби такталууда. Өткөн айда Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук кичи автобус жол кырсыгына учурап... Читать дальше...

ТИМ: Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен ишти күчөтүү тапшырылды

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын жарым жылдыгына байланыштуу коллегияда элчиликтердин баарына чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын камсыз кылуу тапшырмасы берилгенин билдирди. Ага ылайык, дипломаттар диаспоралар менен маал-маалы менен жолугушууларды өткөрөрү, алардын маселесин чечүү тууралуу консультациялар уюштурулары маалыматта жазылган. “Ушундан улам Орусиядагы кыргыз жарандары көтөргөн көйгөйлөргө байланыштуу кошумча консультациялар уюштурулат. Министр Москвадагы... Читать дальше...

Блогер Ырыс Жекшеналиев камалганы кабарланды

Azattyk.org 

Блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта кечинде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылгандан кийин Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына эки суткага камалды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды. Анда 19 жаштагы блогер Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун "Фейсбуктагы" өзү администратор болгон “Полит Узник” баракчасына жарыялаганы себеп болгону айтылат. Айрым маалыматтарга караганда... Читать дальше...

Ислам шериктештиги оюндары: оор атлет Эмил Молдодосов күмүш байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык оор атлет Эмил Молдодосов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш байгеге ээ болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, Молдодосов 14-августта 89 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынашты. Ал жулкуп көтөрүүдө 161 килограмм, түртүп көтөрүүдө 193 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы эсепте 354 упай менен 2-орунду ээлеп, күмүш байге алды. V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган. Буга чейин Кыргызстандын спортчулары алты алтын... Читать дальше...



Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин. Главное за день



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт в честь 90-летия Евгения Крылатова




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Сергей Лёвкин: в Митине завершат возведение физкультурно-оздоровительного комплекса


Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России