Мекенине күйгөн Европадагы журтташтар
Чет өлкөдө жашаган кеминде бир таанышыңыз болушу мүмкүн. Себеби расмий статистикага ылайык, Кыргызстандын ар бир алтынчы жараны чет жакта жүрөт. Алардын арасында алыста туруп, Ала-Тоонун алдыга жылышына акысыз салым кошуп жаткан жигердүү кыргызстандыктар бар. “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө Германия, Швейцария жана Франциядагы мындай мекендештер тууралуу айтып беребиз.