Акылбек Жапаров Пенсиялык фондго чукул реформа керектигин билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-ноябрда Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы жана "Мекенчил" депутаттар тобунун биргелешкен жыйынында пенсия системасы чукул өзгөртүүгө муктаж экенин билдирди. Буга байланыштуу жакында айрым бир мыйзамдарды өзгөртүү сунушталарын айтты. "Биз тилекке каршы 20-30 жылдан бери реформа жасабай, Пенсиялык фонд толугу менен кайра бюджетке отуруп калды. Астыбызда эң кыйын реформалар турат, Социалдык фондду Пенсиялык фондго жана социалдык төлөмдөргө бөлүп чыгышыбыз керек болуп жатат. Читать дальше...