Шаардык сот Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөрткөн жок
Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган жарандык активист Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ал буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган. "Биздин кыймыл-аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз өзүбүздүн Конституция берген укугубуз боюнча биригип, сүйлөшүп, мыйзамсыз иштерге жол бербейли деген эле аракет болчу. Читать дальше...